Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

«ЭЛЕТ» ПАРТИЯСЫ ЭЛГЕ ЧЫКТЫБЫ?


Ош облусунун губернатору Накен Касиев жетектеген “Элет” партиясы ушул жума башында экинчи курултайын өткөрдү. Анда партиянын документтерин өлкөнүн мыйзамдарына жараша өзгөртүү менен катар, келе жаткан шайлоолорго даярдык көрүү жөнүндө да сөз болду.

Ош облусунун губернатору жетектеген “Элет” партиясы 2002-жылы түзүлгөн. Бирок партия жумуруяттык масштабдагы аракеттерин ачык түрдө быйыл баштоодо. Бул дагы өлкөдө парламенттик жана президенттик шайлоонун жакындыгынан жана “Элет” партиясынын лидеринин ага карата жекече эсебинин бардыгынан кабар берип турат.

Партиянын төрагасынын орун басары Жангороз Каниметовдун билдирүүсүнө караганда, “Элет” партиясы аймактык партия болуп, өлкөнүн региондорун көтөрүүнү, алардын кызыкчылыгын коргоону негизги милдет кылып коюуда:

- Биздин партия элет үчүн эле эмес. Жалпы Кыргызстан үчүн болот. Ошонун ичинен биз аймактардын кызыкчылыгын коргоого өзгөчө көңүл бурууну көздөп жатабыз. Себеби аймактарда проблемалар татаалдашып кетти. Маселен, өндүргөн продукцияларды сатууга мүмкүн болбой калды.

Анын айтымында, партия күзүндө боло турган жергиликтүү кеңештерге, андан кийинки парламенттик шайлоого активдүү катышууга даярдык көрүүдө. Ал эми президентик шайлоого өз талапкерин алып чыгуу маселеси тууралуу Жангороз Каниметов буларды билдирди:

- Ал тууралуу азыр ой жок. Бул жөнүндө мезгили келгенде айтабыз. Бирок мен жеке пикиримде, президент Аскар Акаевдин келерки президенттик шайлоого катышуусуна каршымын.

7 миң мүчөсү бар “Элет” партиясынын борбордук бийлик түзүп жаткан “Алга Кыргызстан” менен байланышы, же башка блок, партиялар менен жакын ымаласы бар экендиги байкала элек. Бирок бул партия - лидери аткаруу бийлигинде таасирлүү кызматта турган бешинчи партия болууда. Маселен, “Алга, Кыргызстан” партиясы президенттин үй-бүлөсү менен байланыштырылса, “Адилет” партиясын президенттик администрациясынын жетекчиси Тойчубек Касымов жетектейт. Андан сырткары Ысыккөл облусунун губернатору жетектеген “Жаңы күч”, вице премьер министр Жоомарт Оторбаев башында турган “Менин өлкөм” партиялары бар.

Оппозициялык маанайдагы “Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин пикиринде, “Элет” партиясы кандай болгон күндө да табыйгаты боюнча бийликчил партияларга жакын турат:

- Түбүнөн караганда алар жакын партиялар.Бийликтин тобунда жүргөндөр.

Анын ою боюнча, “Элет” партиясы президенттикке талапкерин шайлоого үч ай калганда гана алып чыгышы мүмкүн. Ага чейин борбордук бийликтен чочулап, картасын ачууга батынбайт.

Ал эми “Агым” гезитинин баяндамачысы Мамат Сабыров “Элет” партиясынын, дегеле жалпы мамлекеттик кызматкерлердин парламенттик шайлоого активдүү даярдык көрүү себебин мындан көрөт:

- Мунун бир эле себеби бар. Бул эртеңки саясий окуялар кайсы нукта, кандай өңүттө өнүгүп кетерин, жаңы бийликке кимдер келерин чиновниктердин көпчүлүгү билбегендигинен болуп жатат. Алардын дээрлик басымдуу көпчүлүгүнүн эртеңки күнгө ишеними жок. Анан ушундай кырдаалда Жогорку Кеңешке шайлануу-алар үчүн саясий майданда калуунун аргасы болуп турат. Экинчи жагынан, жаңы парламент кийинки президенттик шайлоодо чечүүчү ролго ээ болот

Аын пикиринде, “Элет” партиясынын парламенттик шайлоого тыкыр даярдыгы, анын лидери Накен Касиевдин президенттик шайлоого катышууга ниетинен кабар берип турат.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, “Элет” партиясын түзүү, аны активдештирүү менен Накен Касиев, өлкөнүн саясий айдыңында өзүнчө күч экендигинен кабар берүүдө. Чоң мамлекеттик кызматкер катары мындай ишке киришүүгө анын Акүй кожоюнунан “ак бата” алган-албаганы белгисиз. Бирок, “Элет” партиясынын курултайы бир да өкмөттүк маалымат каражаттарында чагылдырылган жок...
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG