Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Орусиядан гуманитардык жардам келди


ОШ. Быйылкы жазда Түштүк Кыргызстандын жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен үй-бүлөлөрүнө арналган 31 тонналык гуманитардык жардамды Ошко Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ИЛ-76 учагы жүктөп келди. Алынып келинген жүктүн жалпы суммасы жарым миллион АКШ долларын түзөт. Гуманитардык жардамдын курамында 150 чатыр, 500 даана төшөк, дары-дармек жана башка күндөлүк керектелүүчү буюмдар бар. Орусиядан келген жүктү Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү кабыл алышты. Орус өкмөтүнүн бул жардамы өзгөчө кырдаалдарда өз ара жардамдашуу боюнча эки тараптуу макулдашуулардын негизинде ишке ашырылды.

XS
SM
MD
LG