Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Европа Биримдиги менен Кыргызстандын алакасы артат


БИШКЕК. Европа Биримдиги Кыргызстандын акыйкат башкаруу кеңешин түзүп, «Адам укуктары» деген улуттук программаны иштеп чыккандыгын кубаттайт. Ошондой эле 2005-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор эл аралык стандартка ылайык калыс өтөөрүнө үмүттөнөт. Бул тууралуу Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташуусу боюнча кеңештин 13-июлда Брюсселде өткөн отурумундагы биргелешкен пресс-релизде жазылды. Ал тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Пресс-релизде андан тышкары Европа Биримдиги 2010-жылга чейинки Комплекстүү өнүгүү негиздери менен кедейликти азайтуу боюнча улуттук программаны ишке ашыруу жыйынтыктарын жогору баалап, тутуму кеңейген Биримдик менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү көбөйөт деп ишенгендиги кабарланган. Кеңештин отурумунда эл аралык абал да талкууга алынып, Борбор Азия мамлекеттеринин ич ара алакасына көңүл бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG