Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

ИШКЕРЛИКТИ КАНТИП БАШТОО КЕРЕК?


Ишкерлик кантип башталат? Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүгө жетиштүү шарт түзүлгөнбү? Чыныгы ишкер болуш үчүн кандай сапаттар керек? «Азаттыктын» «Коом жана турмуш» түрмөгүнө катышкандар мына ушул жана башка маселелердин тегерегинде ой жүгүртүшмөкчү.

Ишкерлик менен алектенбеген, жок эле дегенде алып-сатарлыктын түйшүгүн башынан кечирбеген адамды ушу тапта табыш кыйын. Заман шартына ылайык соода кылып тиричилигин өткөргөндөрдүн саны арбыды. Ишкерликтин аркасы менен иши жүрүшүп, ити чөп жеп, үй-жайын, жашоо-турмушун оңдогондордун, жаңы чыкма байлардын катары арбыды. Ага жараша ишкерликти эңсегендер, өз алдынча иш жасашка кызккандардын катары көбөйдү. Жаңы иштин түйшүгү күч.

Аны тобокелге салып аткарыштын кыйынчылыгы көп адамдарды чочулатып келатканы деле жашыруун эмес. Ошондон тез эле байып кетсем деп илгери үмүт-кыялга азгырылгандар көп да, ишкерликтин түйшүгүнө баш-оту менен кирип кеткендер саналуу гана адамдардын арасынан чыгууда.

Ишкерлик тууралуу аңгемелешкендердин баары бирооздон бул өзү ары жооптуу, анан да түйшүгү күч, акыл менен аракетти, акча менен жоопкерчиликти эриш-аркак ала жүргөн тобокел экенин белгилешти. Айтса-айтпаса, акча менен байлыктын жоопкерчилиги, аны күтө билиш ар бир эле пенде баласынын энчисине жазылбаганын турмуштан көрүп жүрбөйбүзбү.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрага орунбасары Кубатбек Байболов ишкерликти эрте баштаган азыркы байлардын бири. Ишкерлик тууралуу анын пикирин угуп көрөлү. Кубатбек мырза ишкерликке мамлекет дагыле жетиштүү көңүл бурбай келатат деген пикирде.

- Ишкерликти өнүктүрүүгө биринчи иретте биздин мамлекет кызыкдар болушу керек. Иш баштоого 1-2 ай керек болуп атат. Мына, 1 же 2 саатта бүтүрсө болот го. Мамлекет чындап эле ишкерликти өнүктүрөлү, элди тыңыталы, кедейликтен алып чыгалы дей турган болсо чиновниктеринин санын кыскартышы керек эле. Бизде экономикалык реформалар кандай ыкма менен жүргүзүлүүдө? Ал бөлүштүрүү жана уруксат берүү жолу менен жүрүп атат. Реформалардын тагдырын чиновник чечип атат. Эми, ар кайсы жерге чуркап, берчүсүн берип, иш ачып аракет жасап атышат. Мамлекет бул жагынан өзүнүн функциясын жакшы аткаралбай жатат. Жалаң эле укук коргоо органдарында ишкерлерди муунтчу не деген структуралар бар, - дейт К.Байболов.

Анын айтымында, Кыргызстанда мамлекеттик кызмат оруну ишкерликтин эң ыңгайлуу жолуна айланууда.

- Чиновник деген бизнестин өзүнчө бир түрүнө айланбадыбы. Азыр кимдер бай? Ишкерлер бай эмес, алар тың эмес. Эң чоң бизнес чоң кызматты ээлеп турган кишиники, кирешенин чордону ошерде. Ошондуктан алар ишкерлердин мойнуна түшкөн мите болуп атышпайбы.

Ишкер адам сөзүнө тура алган, кысталыш чакта туура чечим кабыл ала билген, анан да ыйманы таза адам болушу керек, дейт Кубатбек Байболов.

- Бул өзү укмуштай мээнет. Мен иштеп көрбөдүмбү. Жазуучулар китеп жазгандай нерсе да. Күндүр-түндүр эсиңден кетпейт. Каягына канча акча кетерин эсептеп отурасың, анан билим, теориялык даярдык зарыл. Ишкер тобокелге даяр болушу керек. Эң негизгиси, ишкер чечим кабыл алууга даяр болсун. Маселен, чоң кызматтагы адам, мамлекеттик кызматкер чечим кабыл ала албаса жетекчи боло албайт. Бизнесте чечим кабыл ала албасаң ишкер боло албайсың. Тобокелге салып миллиондогон сомдордун тагдырын чечесиң. Туура эмес жасасаң акчаңан, үй-жайыңан ажырайсың. Акчаны туура үлөштүрсөң ишиң илгерилейт. Бизде азыр ыйманы жок ишкерлер көбөйүп кетпедиби. Анын тарыхы момундай. Таза бизнес менен тыңыгандар аз эле. Көп бизнесмендер бюджеттен уурдаган акчаларын алалдап, аны таяке-жээндерине, досторуна каттатып коюп жүрүшпөйбү.

«Азат» корпорациясынын президенти Өмүрбек Абдырахмановдун ырасташынча, ишкер болуш үчүн 70 өнөр билиш сөзсүз шарт эмес.

- Кыргызда менин оюма туура келбеген бир накыл сөз бар: «Жигитке 70 өнөр аз» деген. Жигитке бир эле өнөр керек, деп мен айтар элем. Ошол өнөрдү таасын билип анын профессионалы, эң биринчиси болсоң сен бул турмушта кор болбойсуң. Сен шыбакчы болосуңбу, болбосо кафель чаптагычсыңбы, электриксиңби – дайыма айлыгың мыкты, ишиң такай болуп турат. Ишкерликтин бардык түрүнүн артынан кууп кеткен болбойт. Турмуш – жарыш, аны өзү иргеп коет дечи, бирок адамдардын баары профессионал болушка аракет кылса жакшы болор эле.

Өмүрбек Абдырахманов ишкерлик кичинеден башталып, мезгил-саатына ылайык табигый ыргагынан өнүгүшүн туура көрөт. Өзү да жөнөкөй иштен баштап, ушу тапта алдына үлкөн милдеттерди коюп, чоң иштерге өткөнүн айтат.

- Биз чоң бизнеске дагы өсүп жеталбай жатабыз. Анткени, бизге асмандан акча түшкөн жок. Өзүбүздүн, анча-мынча банктын акчасын тегеретип бизнес жасап жатабыз да. Чоң акчаларды банктар бизге бербейт. Бирок, чоң акча алып да кереги жок. Чөнтөгүмө биринчи жолу 1000 доллар түшкөндө эмне кыларымды билбей ушундай толкундангам. Азыр 1 миллион доллар болсо аны иштеткенге мүмкүн, кудуретим жетет. 2 миллион доллар болсо баягыдай эле алактап, эмне кыларымды билбей калышым мүмкүн. Ошон үчүн адам аз-аздан өсүп жүрүп отурушу керек. Менин оюмча, биздин бизнесмендер ортодон өтүп калышты, - дейт Ө.Абдырахманов.

Чакан ишкерликтин аркасы менен турмуштук маселелерин чечип алууга жетишкен инсандарыбыздын биртобун кесиптешим Алина Кангелдиева сөзгө тарткан. Ошону угуп көрөлү:

- Калаабызда ачылып жаткан чакан,азык-түлүк дүкөндөрдү, жер-жемиш саткан соода түйүндөрдү, чач тарачтарды, тамак аш жасаган жайларды ачууда кандай кыйынчылыктар болот? Аларды ачкан соң иштетүү жолдору кандай болууда, деген суроо менен шаарыбыздагы чакан менчик дүкөндөргө кайрылдык. Алгачкы маектешим менен тааныштыра кетсем. Бурмагүл Тургунбекова, учурда тиричилик азыктарын сата турган дүкөндүн ээси. Ал өз сөзүндө бүгүн өкмөттү карап отуруунун кажети жок дейт.

- Элдерге керектүү тиричилик буюмдар, азык-түлүктөрдү саткан соода түйүнүн иштетип келем. Иштеткениме быйыл үчүнчү жылга карады. Мурда кичине күркө ачканбыз, бирок мэриянын суроо-талабына ылайык азыркы убакта чакан дүкөн ачып, иштетип келүүдөмүн. Бир чети кардарларга да ыңгайлуу, таза да болот. Атаандаштык абдан көп, бирок иштетсе болот. Өкмөттү карап отурбай, өзүбүзгө өзүбүз көмөктөшүп, үй-бүлөбүздү багып жатабыз. Өкмөт тараптан бир аз тоскоолдуктар бар. Бир сыйра кыдырып, кассалык аппарат койгула дешти. Ал аппарат эч убакта бул жерде актабайт. Патентке 1350 сом төлөйм. Көп балалуу болгонума байланыштуу бир аз жеңилдиктер бар.

Кийинки сөз “Алтын аяк” аттуу чакан кафенин ээси Анара Арстанбековада. Ал иштин кандайча жолго коюлуп жаткандыгына токтолду:

- Бир жарым жылдан бери тамак-аш жасаган чакан кафени иштетип келем. Эски үйүбүздүн ордуна кредит алып ушуну салдык. Дагы деле ал кредиттин аягына чыга элекпиз. Акырындан иштетип жатабыз. Тегерек-белде иштеген кызматкерлер келип тамактанып турушат. Азырынча өзүнө кеткен чыгымдарды,жарык, суу, салыктарды жаап турат. Аракет болсо берекет болот дегендей, иштесе болот. Такыр эле артпай калган жок деген сөздөн алысмын, анча-мынча болсо да үй-бүлөнү багууга, баскан-турганга жетип жатат.

Ал эми 27 жаштагы жаш ишкер Назакат Жуманазарова “Диана” аттуу чач тарач ачып, иштеп жаткандыгын айтат:

- Башында бир топ эле кыйынчылыктар болду. Документтерди жыйноодо көп чуркадым. Кыйла каражат жумшадым. Буюрса, иштин жүрүшү жакшы болууда. Кардарлар да көнүп калышты.

Соңку маек ээси Абдиев Мадияр:

- Бул соода түйүнүн ачканыма эки жылдын жүзү болуп калды. Жер-жемиш азыктарын сатабыз. Мурда беш-алты жыл көчөдө соода кылып жүрдүк. Кийин акимияттан уруксат алып, ушул чакан дүкөндү ачып алдык. Тартынбай, коркпой эле иштетсе болот, салыгын убагында төлөп турабыз. Патентти төлөгөн соң салык инспекциясына да тынч болот. Албетте, биринчи жылы короткон каражатты актоо кыйынга турат, бирок жылдар өтүп актайт экен деген ойдомун.

Мени менен маектешкендер негизинен иштин башталышы алда канча түйшүктүү болгонун белгилешет. Сөз кезегин анда кайрадан өзүнүзгө узатам.

Өкмөткө ишенип отуруп албай аракет жасап, өз алдынча иш жүргүзүүнүн түйшүгүн башынан кечирип келаткан замандаштарыбыз менен дагы бир кесиптешим Айжан Шаботоева аңгемелешкен.

- Учурда көптөгөн ишкерлер колунан келген аракетин жасап бири кафе, дүкөн ачса, кээ бирлери көчөлөрдүн боюна стол коюп майда-чүйдө сатуу менен алектенишүүдө. Мына ошол адамдардын айрымдары менен баарлашууну максат кылып, алгач борборубуздан орун алган кафелердин бирине баш бактым. Ал кафенин кожоюну улуту боюнча түрк экенин айтып өзүн Супи мырза деп
тааныштырды:

- Бул жакта түрк тамактарын да билишет. Ошондой эле Түркиядан келген студенттер окушат, алар дагы түрк тамактарын каалашат. Ошондуктан бул жакка кафе ачкан бизге да жакшы болот. Жыйырма адам эмгектенет жана иштегендердин баары кыргыз. Кыргыз элине да пайда. Кафеге көп улуттун өкүлдөрү келишет. Бизнесте мындай: эгерде дароо эле кирешесин күтсөң анда ачпай эле коюш керек. Бизнес деген бир жылдан кийин киреше берет, ошону күтүш керек.

Супи мырза менен маектешкенден кийин борборубуздун көчөлөрүнүн биринде стол коюп майда-барат нерселерди сатып олтурган Гүлшайыр айымды кепке тарттым:

- Эптеп нан таап жейли, бала-бакыранын курсагы ачпасын деп эле олтурабыз. Бир күндө жүз сом табам. Иштегениме эки жыл болду. Эки жылдан берки жыйынтык, кийим-кече алабыз. Кийимибиз бүтүн, курсагыбыз ток болот. Салык инспекциялары келет. Алар товардын алганын алып кетет же болбосо отургузбай кубалайт. Ызаланып олтуруп калабыз, кайра төрт-беш күндөн кийин чыгабыз, айла жок тамак таап жеш керек да.

Кыргызстанда ишкерлик жаңыдан тамыр жайып, бекем таканчык алып аткан чагы. Заман багыты жеке аракетке бурулуп, демилгеге таянып калганын элдин баары ушу тапта түшүнүп калгандай болду, кыйласы ушу тапта колунан келген аракетин жасап жашоо-турмушун оңоп алды. Биртобу жер арытып, четтен ырыскысын таап, бул жакта калган жакындарына жардам көрсөтүүдө. Анткен менен, дагыле болсо калктын басымдуу бөлүгү коммунисттик азгырык үмүттүн жетегинен чыга албай келатат. Өмүрбек Абдырахманов анын себебин момундай жагдай менен түшүндүрөт:

- Мамлекет бизге эч кандай шарт түзгөн жок. Көп мамлекеттик чиновниктер бар. Алардын ишкерлерге жардамы жок. Толгон мекемелерди ачып коюшкан. Ал жердеги иштеген адамдарга дурус айлык бербейт, ачка кармап отурушат. Анан айласы жоктон алар ойлоп таба башташат. Бул уруксатты алыш керек, тигини алыш керек деп. Бюрократия деген түгөнбөс ооруга айланды да. Анын ушунчалык жайылганына таң калса болот, - дейт Өмүрбек Абдырахманов.

Базар шарты бардык нерсенин нака баасын аныктап, кимдин эмнеге жөндөмү мыктылыгын таасын көрсөтүп коет. Кыргызстан капитал дүйнөсүнө тарыхый шартына жараша кыйла кечигибирээк аралашты. Ошондон ага башка өлкөлөр кыйла кылымда жетишкен сабактарды эртелеп өздөштүрүү милдети туш келди.

- Кыргыздын бизнеси «бара көрөбүз» системасы менен келатат. Бирөөлөр бирдеме жасап, ошондон пайда тааптыр десе жапырт баары ошол жакка кетет. Маршрутка жакшы, пайдалуу экен дегенден кийин Европадагы «бусиктер» калган жок. Ал эми жаңкы жатып ичерлик биздин реформабыздын башкы этабында пайда болуп калды да. Эч нерсе жасабай эле челнок бизнеси башталганда опоңой байып кеткендер болду. Элде ошондон оңой эле байып кетсе болот экен түшүнүгү чыкты. Тарыхый процессте андай болбойт да, - деп айтты Кубатбек Байболов.
XS
SM
MD
LG