Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

АККУЛА


Эмики кезек "Бабалардын мурасы" аттуу түрмөгүбүздө. Түрмөктүн бул жолку жаңы санынан кабарчыбыз Балбай Алагушовдун "Манас" баатырдын айтылуу Аккуласы жөнүндөгү баяндамасын угуңуздар.

Байыртан эле көчмөндүү кыргыздар "Ат адамдын канаты" - дешип, бир күнүн да атсыз өткөрүшкөн эмес. Айкөл баатыр Манастын да азыркы тил менен айтканда бир да мүнөтү, бир да сааты да атсыз өтпөптүр. Ал Аккула аттуу тулпар миниптир. Манаста ал Каккула, Ак сур ат деп да аталат. Манастын күчүнө-күч, эрдигине эрдик кошкон, атагын чыгарган Аккула Манас төрөлгөн кезде Камбарбоздун үйүрүнөн кара жалдуу Кула бээ ак сур кулуп тууйт. Жомокчу Саякбай Каралаевдин айтуусунда кулунду ногойттун каны Карачадан буудайга сатып алат. Манасчы аны кайыптап туулган Куу байталдын Куда кулуну деп сыпатайт. Ал эми жомоктун башка бир үлгүсүндө Жакып Чыңыш атуу какандан жолунан даакысы түшө элек кулун кезинде сатып алганы ал Коңурбайдын Алгара Жолойдун Ачбуудан аттуу тулпарлары менен бир ата бир энеден экени да айтылат. Жомокчу Сагынбайдын айтуусунда Аккуланын өңү кула, кара жал, чаткаягы чаткалдай, жүрүп кетсе чачына жүктүү төө баткандай, желип кетсе жүрүшү жебенин огун аткандай, куюмкандын кошконуна он бир карым казанды ойноп-күлүп аскандай. Болжолу жок чоңдугуна, бооруна карандын, момолой ийин казгандай, таноосуна кийими менен азыркы адамдар баткандай. Камыш кулак, сом туяк, балтыры өгүз белиндей, басканы сырттын желиндей" - делип, сүрөттөлсө, ал эми казак окумуштуусу Чокон Валиханов жазып алган вариантта Аккула "бир жагында жыйырма бир, бир жагында 20 канаты бар, аркарасында ажыдаар түгү бар" делет. Саякбайдын айтуусунда Аккула мындайча сыпаталыптыр.

Айтуучу жомокчу Уркаш Мамбеталиев:

Аккула жайы мындай
Байтал бээнин кулуну,
Чат каягы чаткалдай,
Соорусуна тулпардын
Ордо атышып жаткандай
Көөдөнүнүн кеңдиги
Өндүр булак өзөндөй
Жорткондун жолу болгондой,
Капталынын кеңдиги,
Тиксе боз үй конгондой,
Көкүлүнүн сонуну,
Көзгө ченеп сүйгөндөй,
Байкап көргөн баатырлар,
Менин атым болсо деп,
Кызыгып ар ким жүргөндөй
- дегендей тулпардан болуптур.

Анан ал:

Арпаны жара чайнаган,
Асыл көзү жайнаган,
Күрүчтөн күрмө жем берген,
Сайышка минсе демденген
Адырга салса арыбайт,
Алтымыш асый болгуча,
Азуу чалып карыбайт,
Бугудай мойнун бураган,
Бута бою аң келсе,
Буудан жерди көтөрүп,
Бурулбастан чуркаган,
Буудандыгын билген соң,
Пул берип дөөлөр сураган.
Сураганга бербеген,
Беренден башка минбеген,
Алтай алыс жол жүрсө,
Айгай чууга чыдаган.
Басып өтсө караташ,
Талкан болуп быркырап.
Жолум үйдөй даңканы,
Арстан Манас атаңдын,
Төбөсүндө чыркырап,
Басып өткөн кара жер,
Кол арык болуп жоюлган,
Туягы туура тийген жер,
Кенер болуп оюлган
Араандай оозу ачылган,
Кан аралаш ак көбүк
Омуроого чачылган
Таамай жолго бет алса,
Таманы жерде тарсылдап,
Кара болот ооздук,
Көмөкөөдө карсылдап,
Кагышкан жоого бет алса,
Тизгин жулуп, баш чайкап,
Учуучудай баштаган
Каптоосундай чоң Манас
Катуу чуркап булкунса,
Учуп кете таштаган.
XS
SM
MD
LG