Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Кытайда жүздөгөн адамдардын өлүмүнө себепкер болгон кишилер сот жобуна тартылууда


БЭЖИН. Кытайда жүздөгөн адамдардын өлүмүнө себепкер болгон кишилер сот жобуна тартылууда. Өлкөнүн түштүк батышындагы Чоңквиң деген жерде өткөн декабрде болгон жарылуудан бир нече кыштакты уулу газ каптап, андан 243 киши каза тапкан, 9000 миңден ашык киши ууланган. Иликтөө көрсөткөндөй, жарылууга жумушчулар бургулоо учурунда жер алдына салынган газ жабдууларга зыян келтирип алышкандан болгон. Кытайдын Синьхуа расмий кабар агенттиги сот процеесси үч жылга созула турганын билдирди, бирок агенттик айыпталуучуларга койулуп жаткан кинее жана аларга колдонула турган ыктымал жазалоо чаралары жөнүндө айткан жок.


Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG