Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Өзбек жигит – дүйнөнүн чемпиону


Шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиону болгон Рустам Касымжановго президент Ислам Каримов куттуктоо жөнөттү. Ошондой эле өз жарлыгы менен 24 жаштагы чемпионду АмирТемир төш белгиси менен сыйлады. Триполиде өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта өзбекстандык жигит британиялык Майкл Адамсты кечээ жеңип, дүйнөлүк чемпион болуп калды. Эми Рустам Орусияда дүйнөгө атактуу чемпион Гарри Каспаров менен беттешиши керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG