Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:27

Автокырсыктардын өлкөсү


Ирандын мамлекеттик телеканалалы билдиргенге караганда, өлкөнүн түштүк тарабында чоң автокатастрофа болду. Жүк ташыган чоң машина менен автобус сүзүшүп, 21 адам набыт болуп, 18и оор абалда ооруканага жеткирилген. Байкоочулардын баамында, Иранда автокырсыктар абдан көп болот. Мисалы, 2002- жылы эле 400 миңге чукул кырсык болуп, андан 21 миңге жакын адам өлгөн. Адистер буга жол эрежелерин сактабаган айдоочулар жана жол өзгөчөлүктөрү себеп деп боолголошот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG