Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:15

Бириккен Улуттар Уюму Алай районундагы Буудалык айылында жер көчкүдөн жапа кечкен жарандарга жардам берүүнү улантууда


ОШ. БУУ быйыл жазда Алай районунун Буудалык айылында жер-көчкүдөн жапа чеккен үй бүлөлөргө жардам берүүнү улантууда. 15-июль күнү БУУнун Кыргызстандагы координациялык бюросунун өкүлдөрү Карасуу районунун аймагындагы жаңы конушка турак-жай куруп жаткан жер көчкүдөн жапа чегишкен элүү үч үй бүлөөгө гумманитардык жардамдын үчүнчү бөлүгүн алып келип таркатышты. Бул жолу тургундардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча сатылып келинген чоюн мештер, матрацтар жана башка чарба буюмдары таркатылды. БУУ Буудалыкта кайгылуу жаратылыш кырсыгы болуп өткөн алгачкы күндөрдөн тартып, үч бөлүктөн турган атайын программанын негизинде жалпы суммасы жетимиш миң АКШ долларын түзгөн гумманитардык жардам көрсөткөн. БУУ нун Кыргызстандагы координациялык бюросунун өкүлү Раза Салиева жаңы окуу жылына карата жапа чеккен үй бүлөөлөрдүн балдары үчүн окуу куралдарын жана кийим кечелерди таркатуу пландаштырылып жаткандыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG