Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Акыркы жылдарда Баткен облусунун элинин саламаттагы начарлап, ар кандай ооруга чалдыккандардын саны өсүүдө


БАТКЕН. 5-15-июлда аймактын элинин саламаттыгын текшерген Бишкек шаарынан келген дарыгерлердин тобу ушундай тыянак чыгарышты. Медицина илимдеринин доктору, профессор, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ташболот Балтабаев жетектеген дарыгерлердин тобу акыркы 10 күн ичинде Баткен районунун бардык айыл өкмөттөрүндө жана Кадамжай районундагы Бүргөндү аймагында жашаган элдин саламаттыгын текшерип акысыз кызмат көрсөтүштү. Мындай иш чара АКШнын өнүктүрүү агенттигинин колдоосунда жүргүзүлдү. Ташболот Балтабаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, текшерүүнүн натыйжасында аймактын элинин теңинен көбү кан басымдын жогорулашы, аз кандуулук, богок, жүрөк жана муун ооруларынан жабыркап жатканы белгилүү болду. Өзгөчө жаш келиндер менен өспүрүмдөрдүн 80% аз кандуулуктан жапа чегишет. Элдин ар кандай ооруларга көп чалдыгуусуна негизинен социалдык-экономикалык абалдын начардыгы, жакырчылык, кыйын шарттагы жашоо себеп болууда.

XS
SM
MD
LG