Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:09

Төртүнчү инвестициялык саммит башталды


БИШКЕК. Бүгүн Чолпонатада төртүнчү инвестициялык саммит башталды. Ага президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, бир катар министрликтердин жетекчилери, Дүйнөлүк банк баштаган эл аралык каржы институттардын Кыргызстандагы өкүлдөрү жана чет өлкөлүк 10 ири компаниянын жетекчилери катышып жатышат. Саммиттин күн тартибине беш маселе-инвестициялык маркетинг, жер инвестициянын обьектиси, экономиканы кайра жөнгө салуу, салык саясатын жакшыртуу жана экономикалык өнүгүү акыйкат башкаруу аркылуу деген маселелер коюлду. Саммитте сөз сүйлөгөн президент Аскар Акаев акыркы жылдары Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү артып, абал жакшыргандыгын жана ага чет элдик тикелей инвестиция тартуу милдетин алдыга койгон матрицаларды ишке ашыруу жакшы өбөлгө түзүп жаткандыгын билдирди. «Ага инвестиция көлөмүнүн 2003-жылы 2001-жылга салыштырмалуу 65 процентке өскөндүгү жана быйыл жарым жылда 47 процентти түзүп тургандыгы далил», - деген президент алты ай ичинде ички дүң продуктынын 9% өсүшүнө инвенстиция таасир бергендигин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG