Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

Шейшекан Жаналиева, Чолпоната Бүгүн Ысыккөл облусунун Чолпоната шаарында IV-инвестициялык саммит башталды. Саммитте инвестициялык маркетинг, салыкты башкарууну жакшыртуу, экономиканы кайра жөнгө салуу, экономикалык өнүгүү адилет башкаруу аркылуу деген маселелер каралууда. Бул маселелер боюнча жыйынга катышып жаткан чет өлкөлүк ири инвесторлор жана кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү ой-сунуш пикирлерин ортого салышты.

Саммиттин ачылышында сөз сүйлөгөн республиканын президенти Аскар Акаевдин айтымында, Кыргызстандагы экономикалык реформалардын ырааттуу ишке ашышында чет өлкөлүк инвесторлордун көрсөткөн жардамы чоң роль ойнойт. Ошондуктан IV-инвестициялык саммитти III-инвестициялык саммиттин уландысы катары карап, конкреттүү милдеттерди коюшубуз керек дедипрезидент:

- Өткөн жылы биз алдыда турган милдеттерди так аныктаганбыз. Бул жолу да ишти ушул багытта улантып, ар бир чечимди ишке ашыруунун конкреттүү жолдорун тактоого тийишпиз.

Саммитте айтылган маалыматтарга караганда, 2004-жылы өлкөгө чет өлкөдөн келген түз инвестициянын көлөмү быйыл 47 пайызды түзгөн. Андан тышкары, 2001-жылдан 2003-жылга чейин мамлекеттик инвестициянын үлүшү 38 пайыздан 18 пайызга чейин төмөндөгөн. Ушул эле учурда чет өлкөлүк инвестиция 7 пайыздан 12 пайызга чейин өскөн. Ал эми эл аралык иштиктүү кеңештердин тараткан маалыматтарына караганда, Кыргызстандагы чет өлкөлүк инвесторлор арбын киреше алышты, көптөгөн жумушчу орундарын түзүштү. Ошондой эле республикада инвестициялык маркетингдердин маселелерин талкуулоого отуздан ашык мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жеке сектор өкүлдөрү катышты. Республиканын өнөр жай жана соода экономикасын өнүктүрүү министри Амангелди Муралиевдин пикиринде Кыргызстанда туризмди, тоо өнөр жайын, теле коммуникацияны, айыл чарбасын кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу зарыл. Ошондой эле ал чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун бирдиктүү агенствосун түзүүнү жактай тургандыгын билдирди:

- Мен бул маселе абдан туура коюлуудадеп ойлойм. Анткени, биз 10 жылдан бери инвестицияларды тартып, күч аракетибизди жумшап атабыз. Бирок, бул статистиканы карасак, ар бир жылы орто эсеп менен 114 миллиондун тегерегиндегана каражат тартабыз. Негизинен азыр бизге андай сумма аздык кылат. Анткени, биздин экономикабыздын өнүгүшүнө 200 млн. доллардын тегерегинде инвестиция керек болуп атат. Биздебуга чейин тике инвестицияларды тартуу боюнча ар кандай структуралар болгон. Аны менен эн ириде инвестиция тартуу боюнча мамлекеттиккомттет иштечу. Бирок, анын кемчилиги тике инвестицияларды тартуу боюнча кызматтары аздыгында болгон. Алардын көпчүлүгү өкмөт тарабынан инвестицияларды тартууга аракет кылган. Экинчиден, биздин мамалекттик мүлктү башкарган министрликтин да чет элден тике инвестицияларды тартуу боюнча структурасы бар болчу. Бирок, ал структура да жакшы иштеген жок. Анткени алар негизинен жалаң эле консултативдик иштерди аткаруу менен, инвестицияларды тартуу маселелери боюнча эмес инвесторлорду издөө иштерин аткарчу.

"Вимм Биль Дан" жоопкерчилиги чектелген компаниясынын төрагасы Сергей Пластининдин пикири боюнча, Кыргызстан башка Борбордук Азия өлкөлөрүнөн айырмаланып, бизнести өнүктүрүү боюнча Орусияга жакын. Себеби, Кыргызстанда түз инвесторлорду тартуу учүн сырёлук база, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрлар жетишерлик бар.

Иш чарада салык саясаты жана салыкты башкаруу темалары талкууланды. Салык саясаты боюнчавице-премьер министр Жоомарт Оторбаев оюн мындайча билдирди:

- Мында жеке бизнестеналынчу салык жөнүндө сөз болду. Себеби, биздин экономикада кызмат көрсөтүүдөн алынган салык азыр 33 пайызды гана түзөт. Бизге окшогон мамлекеттерде, мисалы, Эстония, Швейцария, Чехияда ошол эле кызмат көрсөтүүдөн алынган салыктын көлөмү ички дүң продукциянын 70-80 пайызын түзөт. Биз да ошолорго жакындашыбыз керек. Ошон үчүн биздин бизнеске бул керектүү, маанилүүмаселе.
XS
SM
MD
LG