Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

БАСТИЛИЯНЫН БАСЫЛЫП АЛЫНЫШЫ, ЕВРОПА КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШУУ УЮМУНА КИМДЕР НААРАЗЫ, КЕТИП ЭЛЕ БАРАТАБЫЗ


Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкө башчыларынын биртобу Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун ишине ичи чыкпаганын билдиришкен. Кыргызстандан чет өлкөлөргө кетип аткандардын агымы азая элек. Франция эли 215 жыл илгери бабалары Бастилияны кантип басып алганын майрамдашууда.

Башында алыскы Франциянын башкалаасындагы Бастилияны кимдер басып алганын айта кетели. Бейшемби күнкү «Трибуна» гезити сүрдүү чепти басып алууга туптуура 215 жыл толгонун жазып чыкты. Париждин четиндеги сырты бекем курчалган абак чепти 1789-жылдын 14-июлунда аскерге кошулган шаардыктар басып алышкан.

Француз ыңкылабы деген аталышта тарыхта аты калган бул окуянын чыгышына өкүмдар Людовик ХУ1нын Чоң жыйынды таркатып ийиши себеп болгон. Көтөрүлүшчүлөр болгону абакта жаткан 7 адамды бошотушкан. Республикалык гвардия болсо «Азаттык, Конституция менен мыйзамды» коргоо үчүн бийлик эгесине каршы чыккан.

Бишкектин Киев көчөсүн оңдоо иштери маалында жүргүзүлүп жатканын бейшемби күнкү «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. Иштин кыйла кечеңдеп жатышынын себебин шаар жетекчилиги жол алды менен өтүүчү жылуулук трубаларынын абыдан эскирип, колдонууга жарабастыгы менен түшүндүрүшкөн. Басылмада доорубуздун таланттуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун абалы дурус экенин маалымдаган кабарга да орун берилген.

Табигый шарттар саясий кризистерге алып келерине бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде Мурат Сүйүнбаев токтолгон. Жер менен суунун жетишсиздиги, автордун ырасташынча, кан төгүлгөн кагылыштарга алып келет. Ушу тапта жер үстүндө 6 миллиард ашуун калк жашайт. Адам Жер экосистемасынын катал бүлүнткүчү бойдон калууда.

Азыр 1 адамга 2 гектир жер туш келет. А бирок, эгин эгип, мал өстүрүүгө ылайыктуу жер анын 24% гана түзөт. Ошентип, бир адамдын курсагын тойгузуп, кийинтип-ичинтишке 1,2 гектир жер талап кылынат. Кыргызстан бул жагынан кысталыш жагдайга капталган өлкөлөрдүн катарына кирет.

Жума күнкү «МСН» гезитинде Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкө жетекчилеринин Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму тууралуу билдирүүсүнө комментарий жарыяланууда. Журналист Рина Приживойттун пикири боюнча, ЕККУнун көрсөткөн материалдык жардамы жакшы, ал эми айткан кеп-кеңеши жаман. Кыргызстан кадырлуу уюмдун көп эле жардамдарын алып келатат, деп белгилейт гезит автору.

Миграция, жер которуу, көчүп-конуу маселесин Вячеслав Тимирбаев «Кетип эле барататабыз, кетип эле баратабыз…» деген макаласында козгойт. Бактысын башка жактан издеп аткандар арбууда. Айылдан шаарга, шаардан чет жерге буюм-тайымын көтөрүнүп жолго чыккандар көп. Нөшөрлөп жааган жамгырдан көбөйгөн Аламүдүн менен Аларча сайы күкүктөп кирип, шаардын сесин алууда. Татьяна Орлованын табигый кырсыктар тууралуу макаласы ушул темага арналган.

Эмдиги аптадан тарта «Агым» гезитинин эмгек жамааты эс алууга чыгат. Гезиттин жаңы санында кандай материалдар жарыяланып жатканын жооптуу катчы Гүласыйна Каленова айтып берет:

- Гезитте кабарчыбыз Алишер Токсонбаев менен Ош облус губернатору Накен Касиевдин маеги жарыяланууда. Анда ал өзү түзгөн «Элет» партиясы, шайлоого катышар-катышпасы тууралуу пикирин айткан. Парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын сесииясы, өкмөт башчынын, Улуттук банк жетекчисинин отчеттору тууралуу палата спикеринин орунбасары Сооронбай Жээнбековдун пикири жарыяланууда. Бишкек гуманитардык университетинин иши эмнеликтен аксап аткандыгы Жээнбек Кыдыршаевдин «Ай, деген ажосу жок» деген макаласында баяндалган. Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жумановдун гезит суроолоруна берген жообу, Алым Токтомушевдин Каирден, Венадан алган таасирлерин баяндаган жол очеркине да орун берилген.

«Кыргыз руху» гезитинин башкы редакторунун орунбасары Уулкан Токторалиева:

- КДК партиясынын лидери Жыпар Жекшеевдин саясат, шайлоо, чыгармачылыгы тууралуу маеги жарыяланууда. Америкадагы чоң кырсыкты өз көзү менен көргөн Абылмажин Темиралиевдин «Мен көргөн Америка» деген макаласы чыгууда. Кален Сыдыкованын «Шайтан азгырыгыбы же заман азгырыгыбы?» деген макаласына орун берилди. Ошондой эле Швецияда жашаган кыргыздардын турмушу тууралуу кабарчыбыздын макаласы жарыяланды.
XS
SM
MD
LG