Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

ЕВРОПА БИРИМДИГИ КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯСЫНА КЫЗЫКДАР


Кыргызстанда демократиянын орношуна Батыш өлкөлөрү өзгөчө кызыкдар. Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташуу кеңешинин кезектеги отурумунда да мына ушул талылуу маселе талкууга алынды. Евробиримдиктин Кыргызстан менен кызматташуу кеңеши эмдиги жылкы парламент жана президенттик шайлоо калыс, эларалык стандарттын талаптарына ылайык өтөрүнө ишене тургандыктарын билдиришти.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүгө караганда Европа биримдиги келерки шайлоого чоң үмүт арта тургандыгын ачыкка чыгарган. Антип, бололек шайлоонун божомолу атайын сөзгө арзып атышынын кадыресе жүйөөсү бар. Буга чейинки парламент, президент шайлоонун текши баары Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун сынына туш келип, эларалык стандарттын талабына жооп бере албастыгы айтылган. Анткен менен европалык расмий өкүлдөрдүн көбү Кыргызстандагы демократиялык жаңылануулар жанындагы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла дурус экенин айтууну жакшы көрүшөт. Евробиримдиктин жаш мүчөсү Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси Кыргызстандагы реформалар ийгиликтүү өтүп жатканын кыйла көтөрүңкү маанайда сыпаттаган.

- Сиздин экинчи сурооңузга - кезектеги шайлоонун калыс жана ачык өтүшүнө ишенерибиз тууралуу айтып коеюн. Боло элек нерсени баалаш кыйын. Анткен менен ЕККУ кезектеги шайлоолорду калыс жана ачык өткөрүү үчүн жардамын аябайт. Дагы бир сөз. Мен көп өлкөлөрдү кыдырып, таанышып жүрүп, аларды бирин экинчисине салыштыра алам. Сиздердин өлкө башкаларга салыштырмалуу, жанындагыларга караганда дурус жетишкендикке ээ. Бул өлкөнүн телегейи тегиз дегендикти түшүндүрбөйт. Сиздерде дагы ыкчам өнүгүшкө шарт бар, - деп айткан Соломон Пасси.

Кыргызстандагы шайлоонун кыйла ачык, калыс өтүшү үчүн жаңы Шайлоо кодексине биртоп өзгөрүүлөр киргизилди. Кезектеги шайлоого алыскы-жакынкы өлкөлөрдүн жапырт кулак түрүп байкоо салып турушунун дагы бир жөндүү себеби бар. Бул ирет Кыргызстанда башкаруу бийлиги алмашканы туру. Президент А.Акаев кезектеги шайлоого катышпастыгын ачык айткан. Бул суроо улам-улам кайталана берип тажата баштаганын парламент спикери Алтай Бөрүбаевдин белгилеген жайы бар:

- Мен муну бешинчи ирет кайталап атам. Сөзсүз мен айтышым керекпи? Конституцияны окубайсыңарбы! Баарыңар акыл-эстүү, сабаттуусуңуар. Муну улуу-урматтуу Аскар Акаев өзү да айткан. Бу маселени улам-улам козголоштун кандай кажаты бар.

Демократиялык ынаным-түшүнүктөр үчүн жалпы коом өзү күрөшмөйүн жыйынтык чыкпастыгын президент А.Акаев Демократиялык кодекс авторлору менен жолугушуусунда айткан.

- Адам укугу менен эркиндиги үчүн коом өзү күрөшүүсү зарыл. Ошондо гана жеңишке жете алабыз. Жок, антпей, башкалар күрөшүп көрсүн, биз байкап туралы, дегенден адам укугу менен эркиндигине мыкты шарт түзүлбөйт.

Президент чоң үмүт арткан демократиялык баалуулуктардын байралышы кыйла кыйынчылыктар, анан да узак убакытты талап кылчу иш экенин Кыргызстандын кийинки он жылдыктагы тажрыйбасы да ырастай алат. Кыргыз өкмөт башчынын орунбасары Жоомарт Оторбаев Европа биримдигинин арымы кеңейүүдө. Европа Кыргызстанга жакындап баратат. Биз акыры түбү Европа менен бирге болобуз деген пикирде.

- Биз, Орусия, Казакстан ошол жолго жетишүүбүз керек, - дейт Ж.Оторбаев.

Кезектеги парламенттик, президенттик шайлоо курч атаандаштык шартында өтөрү жалпыга дайын чындык. Шайлоону калыс, адилет өткөрүү кыймылдары жанданып, эмитен сестүү билдирүү менен чыккандар арбыды. Кыргызстан дагы бир саясий сындан өтүүгө камынууда.
XS
SM
MD
LG