Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

Түштүк Африканын мурдагы президенти Нелсон Мандела Бангкокто өтүп жаткан СПИД боюнча эл аралык конференцияга катышты


Жыйында ал эл аралык коомчулук кургак учукка каршы күрөштү жолго коймоюнча СПИД дартын жеңе албайт деп белгиледи. "Бүгүн биз дүйнө жүзүн кургак учукка каршы күрөштү күчөтмөйүн СПИДди багындыра албайбыз деп моюнга алууга үндөп жатабыз", - деди Мандела. Адатта ВИЧ-вирусун жуктурган адамдар иммундук системасы алсырап, кургак учуктан жабыркашат. Ошондуктан Мандела дал кургак учук Вич-вирусун жуктурган адамдардын өлүмүнө себепчи болуп жатканына көңүл бурду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG