Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Бишкектик догдурлар белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун саламаттыгы турукташып калганын билдиришти


76 жаштагы калемгер ушул аптанын башында инфаркт деген диагноз менен ооруканага жаткырылган. Ал дарыланып жаткан Кыргызстандын кардиология борборунун директорунун орун басары Айнагул Жумагулова бейшембиде буларды билдирди. "Оорулуунун акыбалы салыштырмалуу турукташып калды. Азыр догдурлар өз ара кийинки дарылоо курсун тактап кеңешип жатышат. Кандай болбосун чечим оорулуунун абалын жакшыртуу жагын гана көздөмөкчү", - деди Чынгыз Айтматов дарыланып жаткан оорукананын өкүлү.

XS
SM
MD
LG