Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

КЫРГЫЗСТАНДА МОБИЛДҮҮ БАЙЛАНЫШ ТАРМАГЫ КАНДАЙ ӨНҮГҮП ЖАТАТ?


Кечээ Бишкекте «Кыргызстандагы мобилдүү байланыш» деп аталган форум болуп өттү. Анда өлкөдөгү кулач жайып бараткан мобилдүү байланыш менен бирге эле интернет, жергиликтүү (местный же проводной деп коюшат экен, Чопа, өзүң карап коёсуң) байланыш системаларындагы жетишкендиктер жана мүчүлүштүктөр тууралуу сөз козголгон.

Кыргызстандагы байланыш системасы интернет жана мобилдүү байланыштын кирүүсү менен бир топ өнүгүүгө жетишкендиги эксперттер тарабынан айтылып келүүдө. Ушундай эле пикирди 15-июль күнү Бишкекте өткөн «Кыргызстандагы мобилдүү байланыш» деп аталган форумда экономика илимдеринин доктору, академик Турар Койчуев да билдирди:

- Мындан он-он беш жыл мурун эле Кыргызстандагы байланыш түйүндөрүндө сааттап кезек күтмөй, алыскы облус же райондор менен байланышуу үчүн үч-төрт күн мурда кайрылып, анан ошол күнү дагы бир-эки саат байланыша албай кыйналчу эмес белек. Мына мобилдик жана санарип байланышынын кирүүсү менен мындай кыйынчылыктар жоюлду. Азыр Кыргызстандын дээрлик бардык аймагына каалаган убакта байланышууга болот. Бул байланыш системасынын акыркы он жылда чоң секирик жасап, өнүккөндүгүн көрсөтүп турат.

Мындан он жыл мурун 1994-жылы, 12-июлда Кыргызстанда «Кател» фирмасынын алгачкы мобилдик байланышы болгон. Андан бери дагы башка мобилдик кызмат көрсөтүүчү операторлор: «Бител», «Фонекс», «Актел» деп аталган фирмалар түзүлүп, байланыш рыногунда элге өз кызматтарын өтөй башташты. Ошентсе да учурда Кыргызстан аймагынын 10% гана мобилдик байланыш менен камтылды.

- Биздин эсеп боюнча мобилдик байланыш Кыргызстандын 90% калкы жашаган 10 % аймагын гана камтыйт. Анткени Кыргызстандын тоолуу алыскы аймактарында эл аз жашайт же такыр жашабайт. Ал эми облус борборлорунан Баткен гана калды. Жакынкы убактарда Баткен облусун да мобилдик байланыш менен камтууга аракеттер жүрүп жатат, - деди Салават Искаков.

Мобилдик байланыш ишке киргени Кыргызстандын экономикасы да өнүгө баштады деп белгилеген Салават мырза мобилдик байланышты өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан жеңилдиктер берилүүсү керек деп эсептейт:

- Биз өкмөт менен бири-бирибизди колдоп иш жасообуз керек. Ошондуктан мен инвестиция тартып жаткан операторлорду салыктан бошотуу керек деп сунуш кылмакмын. Мындан өлкөбүздүн экономикасы гана пайда табат. Анткени ишмердүүлүгүбуздү улам алдыга жылдырып, калктын бардык катмарын мобилдик байланыш менен камтуу үчүн мобилдик байланыш операторлоруна көп каражат жумшоого туура келет.

Кыргызстан кичинекей өлкө. Ошондуктан кынтыксыз мобилдик байланыш түзүү үчүн мобилдик фирмалар коңшулаш Өзбекстан жана Казакстан менен кызматташууга аракет жасашкан, бирок азырынча жыйынтык чыга элек. Учурда мобилдик байланыш кызматын көрсөткөн бардык фирмаларга радиотолкундарды ээлөөгө укук улуттук оператор болуп саналган «Кыргызтелеком» акционердик коому тарабынан берилет. Ошондуктан форумдун катышуучуларын аталган акционердик коомдун менчиктештирилүүсү боюнча суроолор да кызыктырды.
Мобилдик байланыш менен бирге эле жергиликтүү байланыш кызматын көрсөтүүчү «Сайма телеком», «Бинлайн» деген фирмаларда да абал оор.
- Биздин байланыш жергиликтүү болгондуктан, азыркы телефон байланышы менен камтылбаган аймактарга зым аркылуу байланыш жеткирүүдө улуттук оператор «Кыргызтелеком» менен кагышып калууга туура келүүдө. Анткени облустарда жана алыскы райондордо байланыш маселеси чечилбеген бойдон калган. Ал жактарга санарип байланыш кызматын жеткирүүгө бизге мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Бардыгы келип эле биздин байланыш тармагын «Кыргызтелеком» акционердик коому менен бирге пайдалануубузга такалат, - деди «Саймателком» байланыш фирмасынын жетекчиси Бакытбек Рахимов.

Транспорт жана байланыш министрлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармалыгынын башчысы Абдыкален Токоевдин айтымында «Кыргызтелеком» акционердик коому мурунку байланыш министрлигинин мураскору катары радиотолкундарды жана агымдарды башка байланыш ишканаларына ижарага берет. Ал эми мобилдик байланыш рыногунда атаандаштардын көп болушу керектөөчүлөр үчүн жакшы болот. Форумдун аягында катышуучулар тарабынан МБА не, Транспорт, байланыш министрлигине жана өкмөттүн дарегине сунуш-пикирлер топтолду. Форумга МБАгенттиги, «Бител» мобилдик байланыш фирмасы жана «Кыргызтелеком» акционердик коомунун өкүлдөрү катышкан жок.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG