Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Ирактан филиппин аскерлери чыгып кете элек


Согушчандар филиппин бийлиги аскерлерин мөөнөтүнөн бир ай мурда 20-июлда алып чыгып кетпесе барымтадагы атуулунун башы алынарын эскертишкен. Алгач филиппин бийлиги аскерлерди чыгарып кетүү чечими кабыл алынганын билдирген. Филиппиндин коопсуздук кызматынын кеңешчиси Норберто Гонзалестин бүгүнкү сөзүнө караганда аскерлерди тез арада чыгарып кетүү жөнүндө соңку чечим кабыл алына электей:

- Биздин аскерлердин Ирактагы мөөнөтү 20-августта аяктайт. Президент эгер биздин атуулдун өмүрүн сактап калууга мүмкүн болсо аскерлерди эрте чыгарып кетүү маселесин карап көрүшүбүз мүмкүндүгүн билдирди, - дейт Гонзалес.

Ал эми Ирактын өкмөт башчысы Айад Алави көтөрүлүшчүлөр менен күрөшүш үчүн атайын коопсуздук кызматы түзүлгөнүн кабарлады. Кечээ Ирактын Эл - хадита шаарындагы жардыруудан 10 адам өлүп, 30 дан ашык адам жарадар болду.

XS
SM
MD
LG