Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Барымтадагы жоокер мекенине кайтып барды


Америка куралдуу күчтөрү Иракта барымтадан бошотулган деңиз жоокери бүгүн АКШга алынып келгенин кабарлашты. Аскерий өкүл билдиргенге караганда, теги ливандык америкалык жоокер Васиф Али Хасун Германияда ооруканада алты күн дарыланган. Бул жоокер үч жума ичинде ал жөнүндө ар кыл өңүттөгү кабар тараган. Согушчандар анын башын алды деген кабар келгенден кийин анын бошотулганы маалым болуп отурат. Ошондой эле Ирактан Ливанга кандайча жеткени да белгисиз. Американын деңиз армиясы жоокер барымтага кандайча алынганын жана кандай кырдаалда бошотулганын иликтөөгө киришерин билдирди.

XS
SM
MD
LG