Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

17-июлга аба ырайы тууралуу маалымат


Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү !!!
Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, июль айынын 17 нен 19 чейин нөшөрлөп жааган жамгырдан республиканын Аларча, Аламүдүн, Кегети дарыяларында суулардын ташкындоосу күчөп, тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде сел жүрүшү күтүлөт.

17-июлда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, бийик тоолуу өрөөндөргө кар түшөт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23 градус.
ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +14…+19 градус.
НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +11…+16 градустун айланасында жылуу болушу күтүлөт.
Ал эми Сарыөзөн ЧҮЙДӨ абанын температурасы түнкүсүн +12…+17, күндүз +20…+25 градус.
БИШКЕК шаарында маал-маалы менен жаан жаап, түнкүсүн +14…+16, күндүз +22…+24 градус жылуу болот.


Кабарларды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Аба ырайы менен Алиена Кангелдиева тааныштырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG