Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

ЕККУну реформалоо маселеси талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Вена шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун гуманитардык ченемдер боюнча жыйыны соңуна чыгат. Ал жыйынга катышып жаткан «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун Венадан билдирүүсүнө караганда, ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн элчилери катышкан жыйында 1990-жылы кабыл алынган Копенгаген документи жана ага өзгөртүү киргизүү аркылуу ЕККУну реформалоо маселеси талкууланууда. Эдил Байсалов жыйында Кыргызстанга байланыштуу сөз сүйлөдү. Анда өлкөдө адилет шайлоо өткөрүү үчүн мыйзамдык шарт түзүлгөнүн маалымдап,бирок, президент Аскар Акаевдин 2005-жылдагы шайлоого барбаймын деген убадасын аткаруусуна өзгөчө көңүл бурууга ЕККУну чакырды.

XS
SM
MD
LG