Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

Ф.Кулов абактан чыгышын сот чечет


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын абактагы лидери Феликс Куловдун адвокаты Любовь Иванованын арызын Сокулук райондук соту келерки жумада карай баштайт. Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев бүгүн билдирди. Анын айтымында, ишти райондук соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаевдин карай турганы дайын болду. «Куловду шарттуу түрдө боштондукка чыгарууга мезгил келгендигине карабай Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы аны боштондукка чыгарбай жатат», - деген Любовь Иванова маселени чечип берүү өтүнүчү менен сотко кайрылган эле. 2000-жылы камакка алынган Феликс Куловду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2002-жылы 10 жылга эркинен ажыраткан. Адам укуктарын коргоо боюнча жергиликтүү жана эл аралык уюмдар Куловдун саясий себептерден камакка алынган деп билдирип келатат.

XS
SM
MD
LG