Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

Соңку кездери Кыргызстанга Батыш өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү байма-бай каттай башташты. Кыргызстан менен Европа биримдигинин экономикалык кызматташтыгы Брюсселде талкуулангандан аз өтпөй Кошмо штаттардын делегациясы Бишкекке келүүдө. Эларалык саясий-экономикалык маселелердин тутумунда эмдиги жылы өтүүчү парламенттик, президенттик шайлоонун камылгасы да кепке алынмакчы.

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитиждин (Richard Armitage; сүрөттө) бүгүн кечкурун Бишкекте башталып жаткан иш сапары салттуу расмий жолугушуулар менен чектелээри эмитен эле маалымдалууда. Ричард Армитиж Кыргызстандын президенти Аскар Акаев жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушуу өткөрөт. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн кызматташтык маселелерин талкуулашмакчы.

Кыргызстанда демократиянын орношуна кызыкдар Батыш өлкөлөрү бул жердеги саясий-экономикалык жаңыланууларга кылдат баам таштап келатат. Ошондон улам кийинки кездери Кыргызстанга келген расмий өкүлдөрдүн текши баары Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катышпастыгын айтканын баса айтышууда.

А бирок, антип улам-улам айтылганына карабастан, Кыргызстанда ушу кезге чейин А.Акаевдин келээрки президенттик шайлоого талапкер катары катышаар-катышпасы тактала элек. Парламенттин Эл өкүлдөр жыйынында Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова иштеп аткан президенттин кийинки шайлоого катышуу маселеси укуктук баасын жакында алаарын ачыкка чыгарды. Акыйкатта да, өлкөнүн Башмыйзамында бир адамдын катары менен эки ирет президент болуп шайланууга укугу болгондугу таасын айтылган менен, улам-улам кошумчаланып аткан Конституция боюнча А.Акаевдин канча ирет шайланууга акысы бардыгы маселеси башка атуулдар түгүл, депутаттардын арасында да талаш туудурууда.

Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы Ишенбай Абдуразаковдун ырасташынча, Батыш өлкөлөрүнүн соңку кездери Кыргызстанга кызыгуусу артып баратышынын себеп-жөнү бар:

- Эми азыр Кыргызстанга кызыгып аткандын себеп-жөнү эмнеде дегенде, АКШнын идеологиялык кызыкчылыгы көбүрөөк басымдуулук кылып атышы мүмкүн. Мисалы, демократия деген сөздү айтканда, Борбордук Азияда бийликтин мыйзамга ылайык алмашып туруусу, элдин эркин, добушун туура, таза шайлоо өткөрүш мүмкүнчүлүгү кайсы жерде бар экен деп эсептеп келгенде салыштырмалуу ушул биздин Кыргызстан болуп атат да. Калган өлкөлөрдө андай перспектива жок. Американын өзү болобу, тиги европалык өлкөлөр болобу, келген сайын суроосу: "Ушул Кыргызстанда эмне болот? Эмки жылкы шайлоо кандай өтөт? Биринчиден, парламенттик шайлоо кандай болот? Парламентке кандай адамдар келет? Эң негизгиси, президенттик шайлоо кандай болот?" Бүт Батыштын кызыктырып турган нерсе ушул. Ошон үчүн кызыгып атат. Бизге келип атат.

Шайлоо - тигил же бул өлкөдө демократиялык өнүгүү канчалык деңгээлге көтөрүлгөнүн так көрсөтчү белги. Бул жагынан пост-советтик өлкөлөрдүн ийгилик-мүчүлүштүктөрү негизинен бирдей.

- Шайлоо деген сөз "тандоо" дегенден чыккан. Чындыгында тандоо болуш керек. Туурабы? Көптөн бирди тандоо зарыл. Шайлоо дегенде көптөн бирди өкүл кылып жиберишкен. Илгерки шайлоо деген сөз ушундан чыккан. Шайлап жибердик дегенде аттандырып жибердик, биз үчүн добуш берип келсин деп түшүнүшкөн. Ошондой кылса деле болгудай, - деп айтты Салижан Жигитов.

Ричард Армитиждин кезектеги иш сапары Кыргызстанда шайлоо камылгасы катуу көрүлө баштаган чакка туш келди. Президент болууга талаптангандардын бейрасмий саны жетиге жетти. Непадам, А.Акаев кезектеги шайлоого катышпасы аныкка чыкса, атаандаштардын саны андан да көпкө чыгаары эмитен эле айтылууда.

Кошмо Штаттар үчүн демократиялык жаңылануулар жагынан кошуналарына үлгү болоорлук өлкөдө бийлик мыйзамдык негизде алмашуусу маанилүү. Ишенбай Абдуразаковдун айтуусунда, экономикалык-саясий реформалар жаатында расмий Бишкек көптөгөн кемчилик, мүчүлүштүктөрдү кетиргендигине карабастан, Батыш өлкөлөрүнүн Кыргызстандан үмүтү чоң.
XS
SM
MD
LG