Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

ОРУС ГЕЗИТТЕРИНДЕГИ НЕГИЗГИ ТАЛКУУ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва Өтүп бараткан жума ичи орусиялык басылмаларды ЮКОС компаниясынын тагдырына тиешелүү окуялар өзгөчө ойлондургандай болду. Аны менен кошо Чеченстандагы президенттик шайлоонун алдынан күчөгөн туруксуздук да гезит-беттеринде көптөгөн мифтердин жаралышына түрткү болду.

Ушул апта ичи Орусиядагы ЮКОС мунай компаниясынын айланасындагы чатакка байланыштуу окуялар улам өзгөрүп, бир канча ирет маалымат мейкиндигин толук ээлеп алды. Жергиликтүү басылмаларда ЮКОСтун 2000-жылдан тарта төлөнбөгөн салык боюнча карызы, региондордо компанияга тиешелүү ишканалардын соттолушу жана ЮКОСтун азыр камакта жаткан жетекчилеринин үстүнөн жүргөн сот жөнүндөгү кабарлар гезит-журналдардын биринчи беттеринде берилип турду.

«М.Ходорковскийдин адвокаты Антон Дрель сенсациондук билдирүү менен чыкты», - деп жазды жуманын экинчи бөлүгүндө «Независимая газета». Анда адвокат Ходорковский ЮКОСтун акционерлерине азыр компания жетекчилигинде турган Виктор Геращенкону кызматтан кетирүү зарылдыгын айткандыгын кабарлаган эле. Ходорковскийдин оюнда, Геращенко бийлик менен компания ортосундагы проблеманы чече албады. Басылма жазышынча, түрмөдөгү олигарх бул билдирүүсү менен өзү камакта олтурса деле, ЮКОСту башкарып тураарын даңзалаган.

Көптөгөн басылмалар, алардын арасында «Комсомольская правда», бир жылдык мезгилди багынткан ЮКОС иши эми дээрлик жыйынтыктап калгандыгын жазып чыгышты.

Чеченстанда ушул жылдын 29-августунда президенттик шайлоо өтөт. Ушул аптанын шейшембисинде Чеченстандын президентинин милдетин аткаруучу Сергей Абрамов кол салуу болгон, бирок Абрамов тирүү калды. Бул тууралуу жазган «Московский комсомолец» Чеченстанда азыр «республиканын президенти» деген сөзгө каргыш тийген өңдүү деп эсептейт.

«Президенттик шайлоо алдында активдеше баштаган жикчилердин аракеттерине карабастан, Сергей Абрамов жагдай көзөмөлгө алынгандыгын кайталайт» деп жазат «Независимая газета».

Ушундай эле пикирди билдирген «Новые известия» басылмасы Автур кыштагына жакын жерде болгон аткылашууга токтолуп, анын айланасында көптөгөн уламыштар жарала баштагандыгын белгилейт.

«Труд» гезити, өз кезегинде, «Жикчилер шайлоого кол сала башташты» деген макаласын жарыялайт. Анда айтылгандар Чеченстандан келип жаткан ырасмий маалыматтарга каршы келет.

«Ушул жумада Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык Коопсуздук кызматтын структурасын өзгөртүү боюнча атайын жардыгын чыгарды. Ага ылайык, Коопсуздук кызматтын жетекчилигинин саны кыскарат, бирок анын астында пайда болуучу жаңы кызматтардын укугу кеңейтилет» деп жазат «Известия». Көптөгөн байкоочулардын ойлорунда, эми өлкөдө күч структуралары саясий майданда алдыңкы позицияны ээлеп калат. Анын үстүнө, акырындап Ички Иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги өңдүү күч структуралары да бир жалпы министрликке биригиши мүмкүн деген ойлор айтылууда.

- «Индем» корунун төрагасы Георгий Сатаровдун айтымында, күч структуралары биригиши деле мүмкүн, бирок мындан алардын иши натыйжалуу болот деп айтуу кыйын.

Ушул жумада Өзбекстанда болгон АКШнын мамлекетик катчысынын жардамчысы Элизабек Джонс айымдын сапары заматта бир канча басылмаларда жандуу талкууну жаратты. Алардын ичинде «Время новостей» «Джонс айымдын сапары да буга чейин бир канча ирет эске салынган Өзбекстандагы адам укуктарынын жана саясий реформанын көйгөйлөрүн кайра көтөрдү».

Бул маселеге карата «Независимая газета» британиялык “Independent” басылмасына шилтеме жасап, АКШ Өзбекстанга көрсөтүп келаткан каржылык колдоосун эми 18 млн.долларга кыскартып салгандыгын кабарлады. Макалада айтылгандай, Вашингтондун бул чечими Өзбекстандагы демократиялык реформалардын жетишээрлик деңгээлде ишке ашпай жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. «Америка Кошмо Штаттарынын артынан Британия менен Евросоюз да ушундай эле жолго барышы ыктымал», - деп жыйынтыктайт гезит.
XS
SM
MD
LG