Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:37

АЗ УЛУТТАР МАСЕЛЕСИ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жергиликтүү калк сыңары Жалалабад областын мекендеген отуздан ашык улуттун өкүлдөрүнүн маселеси аз эмес. Областтагы кыргыздардан кийинки орунда турушкан өзбек жана орус жарандары бийлик, коомдук тартип, сот, прокуратура тармагына кызматка дайындоодо жана шайлоо мелдешинде элдин саны эске алынбаганын айтышат. Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча Ош окуясынын калдыктары менен күрөшүү чекилик эмес.

Областтагы орус уул-кыздары өңдүү өзбектер үчүн да маданият үйлөр жок. Кыргыз программасы менен чыгарылган окуу китептери жетишсиз. “Бийлик жана укук коргоо, коомдук тартип, коопсуздук мекемелеринде эсептелүү улуттардын өкүлдөрү жогорку мааниде чечим кабыл алууда четте калат”, - деп ойлойт, журналист Светлана Гафарова.

- Этникалык топтордун өкүлдөрүн бийликтин бардык бутактарынан көрүүгө болбойт. Этникалык саясат кайрадан кароону талап кылат. Кабыл алынган улуттук азчылыктарды өнүктүрүү программасы ишке ашпай, куру сөз бойдон калууда, -
Светлана Гафарованын пикири ушундай.

Илимдер Академиясынын түштүк бөлүмүндөгү коомдук институттун сектор башчысы Антонина Захарованын көз карашында Ош окуясын унутууга болбойт. Тил, чек ара, суу, бийлик менен байлыкты бөлүштүрүү маселесинен улам кырдаал курчушу ыктымал:

- Этникалык мүнөздө 14 жыл мурда болгон Ош окуясынан кийинки проблемаларды эстен чыгаруу жарабайт. Улуттар арасында пайда болуучу чыңалууларды күн мурунтан изилдөө абзел, - дейт Антонина Захарова.

Улуттук маселе шайлоо учурунда да көтөрүлөт.

- Шайлоо маалында кыргыз шайлоочу өз кандашына, өзбек өз улутуна тартканынан чоочуп турабыз, - дейт укук коргоочу Абдымалик Шарипов.

Бийлик жаатында кызматкерлер улутуна эмес, жөндөм-сапат, билимине жараша тандалат. Ал тууралуу: - Биздин мэрияда орус, өзбек, татар, чечен өкүлдөрү иштейт. Жөндөмдүү, ишти сапаттуу жүргүзгөн адистерге эч тоскоолдук жок, - деди Жалалабад шаарынын вице-мэри Фарида Юлдашева.
XS
SM
MD
LG