Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:38

Орусия Грузиядан аскер унааларынын кайтарылып берилишин талап кылды


Москва. Орусия Грузиядан Түштүк Осетияга жөнөтүлгөн аскер жүк ташуучу унааларын кайтарып берүүнү талап кылды. Орусиянын аскер унаалары грузин жоокерлери тарабынан өткөн аптада Түштүк Осетияда кармалып, камакка алынган. Орусия, Грузия, Түндүк жана Түштүк Осетиянын өкүлдөрүнүн катышуус менен Түштүк Осетиядагы кризисти талкуулоо боюнча Москвада өткөн жыйында генерал Валерий Евниевич Грузиянын делегациясына төмөнкүдөй талапты койду:

- Орусиянын транспорттук каражаттары орус аскер кызматкерлерине таандык өздүк мүлкү менен бирге эч кандай шартсыз кайсы жерде кармалса, ошол жерге кайтарылышы керек, - деди генерал Евниевич.

Ал эми Грузия Орусиянын аскер унаалары Түштүк Осетияга курал-жарактарды ташып бара жаткан деп маалымдоодо. Орусия болсо, жүк аймакта бейпилдикти орнотууну колдоо максатын көздөө менен жөнөтүлгөн деп билдирди. Москвада өткөн эки күндүк жыйында тараптар Түштүк Осетия кризисин жөнгө салуу боюнча кызматташууга даяр экендигин ырасташты. Грузин-осетин мамилелери 8-июлда Түштүк Осетиянын аймагында бейпиликти сактоо тобундагы 36 жоокер кармалгандыгына байланыштуу кескин начарлаган. Бирок, түштүк осетин бийликтери эртеси эле туткунга алынган грузин жоокерлерин бошоткон.

XS
SM
MD
LG