Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

“Юкос” компаниясынын мурдагы жетекчиси ага коюлган айыптарды четке какты


Москва. Орусиянын “Юкос” мунай компаниясынын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский жана анын өнөктөшү Платон Лебедев аларга коюлган күнөөлөрдү четке кагышты. Кечээ Москванын соту айыптоо материалдарын жарыялаган жана анда Ходорковский менен Лебедев “менчиктештирүү маалында орусиялык ири компаниялардын акцияларын көмүскө жолдор аркылуу саткан кылмыштуу топту уюштурган” деп айтылган. Ходорковский менен Лебедевге мындан тышкары өлкөнүн Кылмыш Кодексинин дагы алты беренеси боюнча, алардын ичинде каржылык көз бойомочулук, салыктарды жашырган деген да айыптар коюлган. Экөө айыптуу деп табылса, анда 10 жылдан камакта отурушу мүмкүн.
Ходорковский менен Лебедевдин адвокаты Генрих Падва алар соттун айыптоолорун четке кагышкандыгы жөнүндө мындай деди:

- Экөө тең, өздөрүнө коюлган айыптарга макул эмес. Айыпталуучулардын пикиринде, аларга коюлган күнөөлөр негизсиз жана бири-бирине карама-каршы келүүдө. Экөө тең, өздөрүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө ниеттенишүүдө.

Михаил Ходорковский Орусия бийлигин 1990-жылдардын ортосунда менчиктештирүү жараянында өкмөт кетирген катачылыктар үчүн ишкерди күнөлөөдө деп айыптады. Кремль болсо, Ходорковский менен Лебедевге каршы сот ишинин каралышы өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын бири деп билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG