Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Филиппин аскерлери Ирактан чыгарыла баштады


Манила. Бүгүн филиппин өкмөтү 10 аскерин Ирактан чыгарып кеттти. Бул филиппин атуулун барымтага алган террордук топтун талабын аткаруудагы биринчи кадам болду. Буга чейин Филиппиндин тышкы иштер министри Делиа Алберт филиппин аскерлеринин толук контингенти – 51 жоокер жакынкы күндөрү Ирактан чыгарылып кетет деп билдирген:

- Филиппин өкмөтү Ирактагы филиппин контингентинин жетекчисин чакырып алды. Бүгүн ал 10 филиппин аскери менен Ирактан чыгып кетет. Ирактагы филиппин аскерлеринин калгандары кыска мөөнөттө чыгарылат.

Ал эми АКШ менен Австралиянын өкмөттөрү филиппин жетекчилигинин мындай кадамын террорчуларга кыйыр шыкак катары сынга алып чыкты. Австралиянын премьер-министри Жон Ховард бүгүн буга байланыштуу мындай деди:

- Бул - шантаж болчу. Эгерде силер мындай коркутууларга баш ийип берсеңер, анда кайра дагы ушундай абалга дуушар болбой тургандыгыңарга эч кандай кепилдик жок. Силер террористтердин колун бош коюп жатасыңар. Анткени, алар эми өздөрүнүн максатына кандай жетүүнү билип калышат.

Ирактагы экстремисттер филиппин өкмөтүнө өлкөнүн Ирактагы аскерлери 20-июлга чейин чыгарылбаса, барымтага алынган филиппин атуулу Ангело де ла Крус өлтүрүлөт деген шартты койгон. Ал 7-июлда Иракта Фаллужа шаарына жакын жерде барымтага алынган.

XS
SM
MD
LG