Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

АДАБИЯТЧЫ ЖАНА КОТОРМОЧУ КАМБАРАЛЫ БОТОЯРОВДУ ЭСКЕРҮҮ


Султан Раев, Бишкек

Бул жашоодо өтө карапайым жашап, өмүрүн адабиятка сайып коюп, анын мүшкүл дүйнөсү менен аралашып, артынан бир кыйла эл эскерер эмгек калтырган көркөм дүйнө инсаны катары Камбаралы Ботояровдун ысмы өзгөчө аталып келет. Камбаралы Ботояров адабияттын эки чылбыр бир тизгинин кармап, адабиятчы, сынчы, котормочу катары да артынан мыкты чыгармаларды калтырды. Турмушта карапайым жашап, чыгармачылыкты бийик туткан Камбаралы Ботояров тууралуу досу Мырзаян Төлөмүшов:

- Камбаралы менин курсташ, эң жакын жолдошум эле. Экөөбүз университетке бир кирип, бир бүттүк. Жакшы ойлорубуз, тилектерибиз, кыялдарыбыз бир эле. Ал өзүнүн анча узак эмес өмүрүндө бир топ иш жасап кетти. Камбаралынын артында өчпөс из калды десем болот. Ал академияда иштеп жүргүндө махабат жөнүндөгү фольклорду изилдөөчү. Ошондо “Махабат ырлары”, “Сүйүү ырлары” деген эки жыйнак даярдады. Андан кийин Манасты изилдеди. Исай Калашниковдун Чыңгыз хан жөнүндөгү эки китебин мыкты которуп биздин окурмандарга тартуулалды, - деди Мырзаян Төлөмүшов.

Чындыгында эле Камбаралы Ботояров адабиятка гана эмес, турмушта да өзүнө бийик талаптарды коё алган инсан эле. Өмүрүнүн акырында ал кыргыз окурман журтчулугунун эң сүйүп окуган атактуу жазуучу Исай Калашниковду "Каар заман" аттуу тарыхый романын эки томун кыргыз тилине которуп, окурмандарга тумар катары калтырып кетти. Катуу орууга чалдыгып, керебетте жатса да бул романдын ар бир сөзүн кайра-кайрадан карап, кыргыз окурмандарына өз эне тилинде дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынан болгон "Каар заман" романын таберик катары которуу менен ал өз артынан жакшы эстеликти калтарап кетти. Тагдыр деген ушундай. Бир жолу өзү тамашага чалып "Ким Чыңгыз хандын таржымалына кирише турган болсо, аны жараткан эрте алып кетет экен" деп айтканы бар. Көрсө, ошол Чыңгыз хан тууралуу чыгармаларды жазган Ян, Исай Калашников сыяктуу инсандар да ушундай тагдырга туш келген окшобойбу. Камбаралы Ботояров да күндөп-түндөп көз майын коротуп, ажал менен арбашып жатса да "Каар заманды" эң мыкты которуп артынан калтырып кетти. Бирок, тагдыр жазмышы экен "Көөнөрбөс мурас" аттуу мыкты китебинин чыкканын көзү тирүүсүндө көрбөй калды. Камбаралы Ботояровду жакындан билген Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Мырзабек Тойбаев:

- Камбаралы Ботояров менен Жазуучулар Союзунда, илимдер тарабынан да бирге иштетип калдык. Өзү ак көңүл, адамкерчиликтүү, болгон чындыкты ачык айткан, ачык оюн, ички сырын бөлүшкөн жигит эле.

"Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" дегендей Кыргыз адабият сүйүүчүлөрү да Камбаралы Ботояров бул жарыктан эрте кетсе да, аны ошол артынан калган көөнөрбөс мурастары аркылуу эскерип келет.
XS
SM
MD
LG