Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

“ЭРКИНДИК” АЙКЕЛИ ДАГЫ КАНЧА МЕЗГИЛ ТУРАТ?


Бишкектин борбордук Алатоо аянтында жезден жасалган “Эркиндик” айкели орнотулду. Аянтта турган мурдакы айкел гипстен жасалып убактылуу орнотулган эле.

Өткөн жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата борбордук Алатоо аянтында шашылыш түрдө, гипстен жасалган «Эркиндик» айкелинин макети орнотулган. Белгилүү бедизчи Тургунбай Садыковдун авторлугунда жана анын жетекчилиги менен салмагы 5 тонна, узундугу 11 метрден турган жезден жаңы жасалган «Эркиндик» айкели борбордук Алатоо аянтына орнотулду. Айкелдин жалпы бийиктиги 20 метрден ашат. Жаңы орнотулган айкел тууралуу Кыргыз эл баатыры,бедизчи Тургунбай Садыков буларга токтолду.

- Былтыр мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата биздин чыгармачыл топ “Эркиндик” айкелин бүтүрө албай калганбыз. Анын ордуна ушул эле эстеликтин гипстен жасалган көчүрмөсүн убактылуу орнотконбуз. Мына эми айкел толук бүтүп, бүгүн борбордук Алатоо аянтында орнотуп жатабыз. Эми эстелик түбөлүк ушул жерде, эгемендүүлүктүн символу болуп тура берет.

Ал эми «Эркиндик» айкелинин идеялык-көркөмдүк деңгээли тууралуу автор буларга токтолду.

- Айкелдин алдындагы тирөөчтөгү гүл чамбар эркиндиктин символу. Ал эми андан кийинки орнотулган тоголок жер шарынын формасынын үстүндөгү ааламга кулач жайган канаттуу аял-периште жер эненин, жалпы энелердин, аялзаттын элеси. Анын колундагы түндүк-мамлекетибиздин эгемендүүлүгү. Өзүнчө түндүк булатып, мамлекет болгондун белгиси. Ошондой эле бул айкел өлкөбүздө жана жалпы жер жүзүндө тынчтык болушун тилек кылган символикалык белги. --деди Тургунбай Садыков.

«Эркиндик» айкелин жасоого 700 миң сом каражат сарпталган. Ал эми өнөрканадан аянтка жеткирип келүү үчүн эле 200 миң сом жумшалган. Уста Калык Мансуровдун айтымында, «Эркиндик» айкелин жасаганга материалдык жактан үзгүлтүк болгон эмес. Чыгармачыл топто жалпы жонунан 15 адам иштеген. Буга чейин бул бедизчи-усталар тобу Бишкек шаарындагы Алыкул Осмоновдун, Бүбүсайра Бейшеналиеванын, Эл куту айкелин жана башка көлөмдүү айкелдерди жасаган.

«Эркиндик» айкелинин орнотулушуна күбө болгон айрым шаар тургундарынын пикири мындайча.

Касиет: «Эмнеге кайра алмаштырып жатат десем, көрсө мурдагысы гипстен турбайбы. Бул жезден жасалган айкел узак мезгилге сакталат. Ошондуктан шаардын көркүн ачкан эң жакшы эстеликтердин бири болуп калат».

Үсөн Жаманкараев: «Балким бул эстеликти мындан да жакшы көркөмдүү кылып жасаса болот беле. Эми каражатына карашты го. Бирок «Эркиндик» айкели, асманга умтулган канаттуу аял дүйнөдө тынчтык болсун деген кыязда. Деги ааламда тынчтык болсунчу. Эң ыйык нерсе эркиндик менен тынчтык болсо баарлыгына жетебиз».

Быйыл борбордук Алатоо аянтын реконструкциялоо багытында Бишкек шаар администрациясы архитекторлор арасында конкурс уюштурган. Эң мыкты деп табылган архитекторлук курулуш копмлексинин үлгүсү боюнча, аянт кайрадан жасалат деген пикирлер бар. Эгерде аянтта кайрадан реконструкциялоо иштери башталса «Эркиндик» айкели башка жакка көчүрүлбөйбү, деп Бишкек шаар башчысынын орун басары Арыстанбек Ногоевге суроо узатканыбызда, ал буларга токтолду.

- Алатоо аянтын реконструкциялоо боюнча комиссия түзүлгөн. Ошол комиссия архитекторлор арасында конкурс жарыялаган.Учурда ал комиссия алардын кагазга түшүрүлгөн ой-пикирин, долбоорун талдап, карап жатышат. Эми акча каражаты тартыш болгондон кийин аянтты кайрадан жасап чыгууга шаардын казынасы чектелүү. Бул келечектеги иш. Балким экономикабыз абдан көтөрүлүп, элдин жашоо шарты оңолгондон кийин, Алатоо аянты реконструкцияланса «Эркиндик» айкели ордунда тура берет, деп ойлойм.

Борбордук Алатоо аянтындагы «Эркиндик» айкели орнотулган жерде отуз жылга жакын мезгил Владимир Лениндин айкели турган. Былтыр анын эстелиги тарых музейинин артына көчүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG