Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:07

Баткен облусунда жугуштуу ичкелте илдетине чалдыккандар көбөйүүдө


БАТКЕН. Облустук санитардык көзөмөл борборунан алынган маалыматка караганда, ичкелте илдетине чалыккан деп шектелип ооруканаларга жаткырылгандардын саны учурда 137 адамга жетти. Алардын 72синин илдетке кабылгандыгы аныкталды. Оорулуулардын 89у Баткен районундагы Кызылбел айылынын жашоочулары. Аталган айылда мындай илдет май айынын аяк ченинде чыгып, тездик менен жайылып кеткен. Ичкелте илдети Баткен районунда акыркы үч жылдан бери токтобой келет. Адистердин пикирине таянсак, мындай жугуштуу оорунун токтобой жатышына таза суунун жоктугу жана элдин сууну көпчүлүк учурда булганыч агын суулардан алып ичээри себеп болууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG