Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:19

Коммунисттик эки партия бириге алабы?


БИШКЕК. Коммунисттер партиясынын Жалалабад областтык аткаруу комитетинин мурдагы төрагасы Сейиткасым Момунжанов «Азаттык» радиосуна партиянын лидери Апсамат Масалиев партиянын ичинде бөлүп жаруу саясатын жүргүзүп, партиянын устав, программасына карама-каршы келген иштерди жасап жата деп билдирди. Анын айтымында, буга 16-июлда партиянын жетекчилиги Жалалабадда чогулуш өткөрүп, аткаруу комитетинин төрагалыгына Жолболду Алыкуловду областтык партиялык комитеттин чечимисиз эле дайындап койгону далил. «Андан тышкары коммунисттер партиясы Коммунисттик партиянын төрайымы Клара Ажибекованын коммунисттик эки партияны кайра бириктирүү өтүнүчүнө жооп бербей жатканы айгинелейт», - деп билдирди Сеийткасым Момунжанов. Коммунисттер партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Николай Байло болсо бүгүн Сейиткасым Момунжановдун билдирүүсүн четке кагып, ал партия жетекчилигинин чечими жок аракеттерге барганы үчүн мүчөлүктөн чыгарылгандыгын билдирди. Ал эми Клара Ажибекова жетектеген партия менен биригүү маселесин курултай чечээрин кабарлап, Клара Ажибекова ал үчүн өз партиясынын жергиликтүү бөлүмдөрү бар экендигин далилдеши зарыл экендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG