Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

«Саясий партиялар» жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоору даяр


БИШКЕК. Күзүндө Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын кароосуна «Саясий партиялар» жөнүндөгү мыйзам долбоору сунушталат. Мындай маалымат бүгүн аталган палатанын депутаты Николай Байлодон алынды. Анын маалыматына караганда, мыйзам өлкөдөгү 43 төн ашуун саясий партиялардын сапатын арттырып, партиялык түзүлүштү бекемдөө максаты менен иштелип чыкты. Долбоорго саясий партиялардын чыныгы саясий уюм экендигин аныктоо үчүн негизги эки жобо киргизилди. Алар партия Юстиция министрлигинин каттоосунан өтүү үчүн жергиликтүү баштапкы уюмдары жана областтык бөлүмдөрү бар экендигин тастыктаган документти жана мүчөсүнүн саны миң адамдан кем эместигин аныктаган тизмени көрсөтүүгө милдеттүү. Мындай жобо жетекчиси гана бар партиялардын өзүнөн-өзү жоюулуусун шарттап, саясий багыттарын тактоого өбөлгө түзөт.

XS
SM
MD
LG