Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

А.Акаев: «Президенттик шайлоого катышууга мыйзам жол бербейт»


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоого катышууга Конституция жол бербейт деген ишениминен кайта элек жана өзүнүн демократиялуу көз карашынан шек санай турган кадамдарга бара элек. Бул тууралуу президент Аскар Акаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитидж менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди. Андан тышкары келерки жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор Конституциянын талабына гана ылайык калыс жана адилет өтөт деп ишендирип, азыркы президенттин кезектеги шайлоого катыша алаар же албасын аныктап алуу өтүнүчүн Конституциялык сотко өзүнүн жактоочулары эмес оппозициянын өкүлдөрү жолдогондугун баса белгиледи. Президенттин билдирүүсү боюнча, Конституциялык сот кандай чечим чыгарбасын Конституцияга кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизилбейт жана андай аракеттер да көрүлбөйт.

XS
SM
MD
LG