Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

Германияда парсы тилинде обого чыгуучу жаңы телеканал ачылды


ХЕРМЕСКАЙЛ/ГЕРМАНИЯ. Германиянын бийликтери парсы тилинде обого чыга турган жаңы телеканалды ачууга уруксаат беришти. "МОХАЖЕР ТВ" деп аталган спутниктик телеканал өз берүүлөрүн сентябрдан баштап обого чыгарат жана андан документалдуу сүжеттер, маданий телекөрсөтүүлөр, фильмдер жана Иран музыкасы берилмекчи. Ирандык эмигрант Мортеза Азизадех телеканалды колдоп берүүчү реклама агенттиктерин караштырып жатат. Берүүлөр Бельгиянын чек арасына жакын жерде жайгашкан Хермескайл деген шаардан чакан студиядан обого чыгарылат. Азизадех анын Махажер аттуу телеканалы батыш баалуулуктарын туткан, диний жана идеологиялык маселелерге аралашпаган телекөрсөтүү боло турганын айтат. Мохажер деген сөз парсы тилинен "келгин куш" деп которулат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG