Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Ирактагы жардыруулардан 8 киши курман болду


БАГДАД. Багдадда Юстиция миинстрине жасалган кол салууда 5 киши курман болуп, жети киши жараат алды.
Министрдин өзү Малик Дохан-Ал Хасан жардыруудан жабыркаган жок. Бирок курман болгондордун арасында анын эки сакчысы бар. Бүгүн өлкөдө ,ошондой эле, дагы эки башка жардыруудан үч киши курман болду. Юстиция министрине жасалган кол салуунун жоопкерчилигин Иоданиялык Абу Мусаб ал-Заркави жетектеген топ өзүнө алды. Жардыруу болгон жерге келген америкалык аскер буларды баяндады:

- Биз бул жерден батышыраак турган сектордо жүргөндө, жарылуу болуп, түтүн бургуйлаганын көрүп жетип келдик. Келип, төрт-беш машине жарылып кеткенин көрдүк, - дейт Лавери деген америкалык солдат.
Эл-Махмудия шаарында улуттук гвардиянын имаратынын жанында дагы бир миналанган машине жардырылып, андан, бери дегенде, 2 киши курман болуп, 25 киши жарат алды. Ал эми Байжи деген жерде жолго орнотулган бомбадан америкалык бир солдат курман болуп бирөө жараат алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG