Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Палестин премьер министри кызматтан кетүү үчүн арыз берди


ГАЗА. Палестин лидери Ясыр Арафат Батыш Жээк менен Газа тилкесиндеги полициянын башчысын жана палестин аймактарынын коопсуздук кызматынын жетекчисин иштен алып, алардын ордуна жаңы жетекчилерди дайындады. Арафат 12 бөлүмдөн турган коопсуздук кызматы бириктирилип, эми 3 бөлүмдөн гана тураарын билдирди.
Бул чара палестин коопсуздук күчтөрүн үч тармакка бөлүү тууралуу эл аралык талаптарга ылайык келет. Мындан мурда Палестин автономиясынын өкмөт башчысы Ахмед Корей кечееги барымта окуяларына байланыштуу кабинеттин чукул жыйынын өткөрүп, Палестин аймактарында чукул кырдаал эрежесин киргизди. Кечээ Газанын полиция башчысын, Израилдин армиясына жалданып иштеп жаткан бир палестин офицерин жана беш француз жаранын /куралчан палестин согушкерлеринин тобу барымтага кармап кетип, кийинчэрээк бошотушкан эле. Палестин автономиясынын тынчтык сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү, кабинеттин мүчөсү Заеб Эракат автономиядагы ахвалды өтө коооптуу деп мүнөздөдү.
- Газада болгон барымта окуясы жагдай өтө кокунучтуу нукка түшүп баратканын айгинелейт. Бул барып турган мыйзамсыздыктын жышанасы. Ага бөгөт койуш керек, - деди Эракат.
Кечээги барымта окуясына байланыштуу өкмөт башчы Ахмед Курей кызматтан кетүү жөнүндө арыз бергендиги маалымдалат. Ясыр Арафаттын жардамчысы Абу Рудейнах бүгүн Рамаллахта жасаган билдирүүсүндө Арафат Курейге толук ишенеерин, ошондуктан андан ордунда калып, өз милдетин аткаруусун талап кылганын айтты.
- Арафат Курейге толук ишенет. Ошон үчүн президент андан палестин элинин кызыкчылыгы үчүн өз кызматын уланта берүүсүн талап кылат, - деди Рудейнах.
Палестин аймактарында түзүлгөн ахвалды өкмөт башчы Курей бүгүнкү кабинет жыйынында "болуп көрбөгөндөй баш аламандык" деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG