Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ ЖЕМКОРДУКТУН КЕСЕПЕТИ ЖАМЫ ЖУРТКА ТИЙИШИ МҮМКҮН


Венера Сагындык кызы, Прага шаары Борбордук Азиянын жогорку окуу жайларындагы паракорлук – Советтер Биримдиги доорунан бери келаткан эски салт. Мурда окууга өтүш үчүн пара берсе, эмки көз карандысыздык жылдарында университеттерде иштегендердин эмгек акысы төмөндөп, студенттердин бир даары экзамендерде бааны акчага сатып алууну адатка айландырып алышкан.

Университеттердеги пара берүү жосунсуз жоругу – акча-маянасы аз мугалимдердин ойлоп тапканыбы, же студенттердин билим деңгээлинин начарлыгын айгинелечү көрүнүшпү? Эмнеси болсо да, Борбор Азия өлкөлөрүндө жогорку окуу жайга өтүш үчүн, же андан кийин экзамендерден кулабай, аман-эсен диплом алыш үчүн мугалимдерди паралап акча берип отуруу – ырасми жөрөлгө болбосо да, кадимки каадага айланганы жашыруун эмес.

Көз карандысыздык жылдары бул көрүнүш мурдагыдан да көбүрүп-жабырып, студенттер сессия маалында ата-энесинен акча доолап экзамендерин бүтүрүүдөн тартынбай калышкан. Мындай абал ата-энелерге кайдан жаксын?

Эмесе, кызы Ташкендеги университеттердин биринде билим алып жаткан айымдын айткандарын угуп көрсөк:

- Азыр эми бул көрүнүш ушунчалык күчөптүр, мугалимдер ачык эле кандай баа алгың келет? – деп сурап калышыптыр. Баалар акчага сатылат. Андыктан, жакшы окуган студент менен жаман окуган студенттин ортосунда айырма деле калбай калган.

Бул ташкендик студент кыздын энесинин айткандары. Анын жанындагы дагы бир өзбек аял баласы университетке тапшыраарда кабыл алуу сынагына даярдалган суроолорду жообу менен кошо сатып алганын кошумчалайт.

Көз карандысыздык жылдары бардык Борбор Азия өлкөлөрүндө билим берүү тармагына бөлүштүрүлчү мамлекеттик каражат кыскартылды, башкача айтканда, университеттерде иштегендердин маянасы төмөндөп, окуу жайларын жалпы өнүктүрүү иши аксады.

Атын атагысы келбеген өзбек профессору мамлекеттик бюрократия менен алпурушуп, билим берүү системасын реформалап-жакшыртууну көздөгөндөн көрө, жаның тынч, берген акчаны алып иштеп жүрө бергениң оңой деген пикирин айтат:

- Айрым университеттерде пара алуу - жан багуунун бирден бир жолу. Мен ал үчүн мугалимдерди айыптагым да келбейт, анткени азыр айрым студенттер дарстарга, сабактарга келишпейт, а бирок ал үчүн аларды окуудан чыгарып салууга укугуң жок. Ал студенттин ата-энеси баласынын окуусу үчүн акча төлөп, келишимге, же контрактка кол коюп койгон. Окуу эрежелерин катуулатып, студенттерди тартипке чакырайын десең, кайра өзүң университеттин жетекчилигинен, атүгүл билим берүү министрлигинен жем угасың.

Ошентип, бул өзбекстандык профессордун пикирине ынансак, университеттердеги паракорлук - окууга көңүлү жок, бирок контракт боюнча акчасын төлөп койгон студенттер менен колунда бийлиги, же байлыгы жок мугалимдердин ортосундагы келип чыккан мунаса экен.

Биз буга чейин Өзбекстандын жогорку окуу жайларындагы абал тууралуу учкай сөз кылдык. Кыргызстанда болсо, 3 жылдан бери орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү тест-сынак тапшырышып, анын жыйынтыгына жараша, албетте, абдан жакшы окуса, каалаган окуу жайына өтө алат. Мындай тест-сынак эң ириде жогорку окуу жайларындагы паракорлуктун тамырын кыркуу амалында киргизилген. Университеттерге өтүүнүн мындай ыкмасы – айрым ата-энелер, мугалимдер менен абитуриенттерге жакса, кээ бирлери абдан калыс караш үчүн улан-кыздардын билимин оозеки, же жазуу түрүндө да текшерүү зарыл деген пикирде.

Жогоруда айтыла кеткендей, бул эми окуусун мыкты бүткөндөр үчүн окууга өтүүнүн ыңгайлуу жолу, айрым күчтүү абитуриенттер деле кайсы бир субьективдүү себептерден улам андай мүмкүнчүлүктөн куружалак калышы да мүмкүн.

- Бийликтин камчысы катуу Түркмөнстанда болсо, жогорку окуу жайларында акча-каражаттын жетишсиздигинен да, өкмөттүн бардык окуу программаларына кийлигишип, буйрукка салып турганы оор болду, - дешет Ашгабаттык профессорлор.

Алсак, университетте иштеген-окугандардын баарынан түркмөн президентинин элине арнап жазган "Рухнама" аттуу китебин баштан-аяк окуп чыгып, керектүү жерлерин жатка айтып бериши талап кылынат.

- Башка Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмаланып, биздеги башкы проблема – каражат эмес, өкмөттүн тескери саясаты, - дейт атын атагысы келбеген түркмөн илимпозу.

Тажикстандык студенттер башка өлкөлөргө караганда бааларды арзаныраак сатып алышат экен. Мисалы, Душанбедеги университеттердин биринде окуган кыз өзүнө жакпаган сабакка барып башты оорутуп отурбай эле, сессия маалында "жакшы" деген бааны 10 сомони, же 3 долларга жетпеген акчага сатып алганын ачык эле айтат.

- Мен бир экзаменди 10 сомониге бүтүрдүм. Демейде "4" алыш үчүн мугалимге 10дон 20 сомониге чейин төлөйбүз. Ата-энем ал жөнүндө билбейт, билсе капа болор эле, - дейт тажик студенти.

Ушундай коррупция гүлдөп-өрчүгөн Борбор Азиядагы университеттерде, анткен менен, чындап билим алгысы келген жаштар да четтен табылат. Ал тууралуу өзбек студенттеринин биринин айтканын угуп көрсөк:

- Баары акчага сатылат дегенге макул эмесмин. Мен сессиямды акчасыз эле бүтүрдүм. Мугалимдердин баары эле пара ала беришпейт. Ар бир университетте окугусу келген, же баарын акчага бүтүргүсү келген студенттер бар. Мен жакшы окуп жатсам, ким менден акча дооламак эле?

Ушундай билимге умтулган, акчага сатып алган диплому кийин керекке жарабай калаарын сезген студенттер, албетте, ар бир окуу жайында эле табылат. Бирок, жалпысынан – кийин жанын багып, элге пайдасын тийгизер кесипке үйрөтүп, жогорку билим берчү окуу жайларда паракордук кеңири жайылганы – кооптондурчу көрүнүш. Окуу жайларында коррупцияны мыктылап өздөштүргөн жаштардан келечекте мамлекеттин ак ниет башкаруучулары, элдин камын ойлогон адистер чыгаары күмөн экени талашсыз деп жергиликтүү адистер белгилешет.
XS
SM
MD
LG