Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

«Камкор» жоюлат


БИШКЕК. «Камкор» камсыздандыруу компаниясын жоюу иштери улантылат. Ага Жогорку соттун коллегиясынын жума күнү Бишкек шаардык сотунун «Камкорду» кудуретсиз деп тапкан чечимин күчүндө калтырганы негиз берет. Мындай маалыматты ишемби күнү Каржы министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Жогорку соттун чечими акыркы чечим болгондуктан «Камкор» камсыздандыруу компаниясын биротоло жоюу аракеттери аягына чыгат. «Камкор» камсыздандыруу компаниясын Каржы министрлиги ушул жылдын жазында кудуретсиз деп таап, аны жоюу үчүн атайын администраторду дайындаган. Компаниянын жетекчилиги камсыздандыруу компаниясы өз капиталын элдин каражатынын эсебинен топтоп иштейт деп каршы болуп, сотко кайрылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG