Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Ош-Сарыташ-Эркечтам-Кашкар автожолунун курулушу башталды


ОШ. Ош-Сарыташ, Эркештам-Кашкар жол курулушун баштоо аземине мамлекет башчысы Аскар Акаев, Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Чжан Ян Ян жана башка расмий адамдар катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө аталган жол курулушун “Улуу Жибек жолунун жаңылануусу” деп атап, аймактын социалдык экономикалык өнүгүүсү үчүн бул жолдун мааниси чоң экендигине токтолду. Курула турган жолдун узундугу Кытайдын аймагын кошпогондо эки жүз элүү сегиз киллометрди түзөт. Алдын ала иштелип чыккан болжолдуу эсептер боюнча долбоордун жалпы баасы 60 миллион АКШ долларына жакын.

Транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиевдин айтымында, аталган жол Бишкек-Ош автожолунун уландысы жана ал Кыргызстандын Кытайга, андан ары Түштүк-батыш Азия өлкөлөрүнө чыгуусуна өбөлгө түзөт. Бүгүнкү күнгө карата Кытай өкмөтү жол курулушунун Кыргызстандагы участогунун биринчи этабы үчүн кайтарымсыз грант катары 7 миллион 200 миң АКШ долларын бөлгөн. Жолду 6 жыл аралыгында Кытайдын “Чайна-Роуд» корпорациясы салмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG