Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

ИРАКТА ЖАНКЕЧТИЛЕР ПОЛИЦИЯГА ЧАБУУЛ ЖАСАП, АМЕРИКАЛЫК УЧАКТАР ФАЛЛУЖАНЫ БОМБАЛАШТЫ


Ирактын убактылуу өкмөтү да, эл да оор күндөрдү баштан кечирүүдө. Кошмо Штаттарынын аскерлери дагы деле түрмөлөрдү жана маанилүү обьектилерди көзөмөлдөп турганы менен, партизандык согушту күч алдырган куралчандар АКШнын союздаштарын аскерлерин чыгарып кетүүгө мажбурлашууда. Жекшембиде бир шаарда америкалык согуштук учак шектүү үйдү болбалап, ондон ашык киши каза тапса, түндүктө эки машина жарылып, полициячылар курман болушту.

Ирактын күрттөр басымдуулук кылган түндүктөгү Тикрит шаары жекшемби күнү эртең менен жарылуудан солк этти. Көрсө шаардын Полиция академиясына бомба ташталып, чабуул жасалыптыр. Ибрахим Ал-Жибору Тикрит полициясынын полковниги:

- Бүгүн эртең менен саат сегиз жарымдарда Полиция академиясына жанкечти бомба жүктөлгөн машинасы менен кол салды. Машина текшерип өткөрүү жайына жакын жерде жарылды. Кесиптештерибиздин бири жарадар болду.

Кийинки кабарларга караганда, Тикритте жекшембиде эки машина жарылып, эки полициячы каза тапты, бешөө жарадар.

Ал эми Фаллужада АКШнын армиясы 18-июлда шаардагы үйлөрдүн бирин абадан бомбалады. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул чабуулда кеминде 11 киши, анын ичинде аялдар жана балдар мерт болгонун билдиришүүдө. Дарыгерлердин айтымында, дагы жети киши жараат алды.

Мунун алдыңкы күнү Ирактын убактылуу өкмөтүнүн юстиция министри Малик Дохан ал-Хассан кол салуусудан аман кутулду. Бирок ишемби күнкү кол салууда жанкечти бомба катылган машинасы менен министр бараткан автокербенге барып урунганда, ал-Хассандын беш күзөтчүсү ажал тапты. Интернеттеги исламдык сайттын жазышынча, өкмөт мүчөсүнө кол салууну Кошмо Штаттары издөө салган Абу Мусаб ал-Заркавинин Жихад тобу уюштурду.

Анын аралыгында, Филипин өкмөтү Ирактагы аскерлерин жана тартип коргоочуларын эртең-бүрсүгүнү чыгарып кетээрин жарыялады. Сыналгыдагы билдирүүсүндө Филипиндин тышкы иштер катчысы Делия Алберт өлкөнүн Ирактагы гуманитардык контингенти учурда иштерин өткөрүп берип жаткандыгын бышыктады. Филипин өкмөтү Ирактагы 51 аскерин өткөн жума күнү, барымтачылар филипин туткунун өлтүрөбүз деп эскерткенден кийин, пландагыдан бир ай мурда чыгарып кете баштады.

Кошмо Штаттары жана Австралия расмий Маниланын барымтачылардын талабы менен болуп жатканын сынга алышууда. Ошондой эле, саударавиялык ишкер белгисиз кишилер уурдап кеткен өзүнүн теги египеттик кызматкери бошотулуп жатканын билдирди. Файзал ал-Нехеит Ирактагы унаа компаниясынын ишин токтотуу талабына көнгөндөн кийин, барымтачылар анын египеттик айдоочусун бошотууга макул болушкан.

Бирок Иракта барымтада кала берип жаткан болгар атуулунун тагдыры белгисиз бойдон. Эки болгарды барымтага алгандар Кошмо Штаттарынан Ирак түрмөлөрүндөгү жергиликтүү тургундарды бошотууну талап кылып, туткундардын бирин өлтүрүп салышкан эле. Болгариянын өкмөтү жекшембиде экинчи болгардын аман-эсен кутулушуна болгон үмүт аз экендигин кулак кагыш кылды.

XS
SM
MD
LG