Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Филиппин аскерлери Ирактан чыгып кетмек болду


Филиппин бийлиги Ирактагы аскерлери ушул жуманын башында ал өлкөдөн чыгып кетерин билдирди. Иракта согушчандар барымтадагы филиппиндиктин башын алышарын жума күнү дагы бир ирет эскертишкен. Ирактагы 51 филиппин аскер ошол күндөн баштап эле четинен Иракты таштай баштаган. Филиппиндин Жакынкы Чыгыштагы элчиси Рой Кимату аскерлерди коштоп чыгары белгилүү болду. Филиппин аскерлер алгач Кувейтке алынып келип, андан кийин Манилага сапар тартышат. АКШ менен Австралия Филиппин бийлигин согушчандардын ултиматумун кабыл алганы үчүн сынга алууда.

XS
SM
MD
LG