Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Канадалык журналисттин өлүмү боюнча сот иши токтоп калды


Иранда канадалык журналист Захра Каземинин өлүмү боюнча сот жараяны күтүүсүздөн токтоп калды. Жүрналисттин үйбүлөсү жалдаган адвокат, Нобел сыйлыгынын ээси Ширин Эбади соттун мындай чечимине каршы пикирин билдирди. Сот чет элдик дипломаттарды жана журналисттерди сот залына киргизбей койгон.

Адвокат Ширин Эбади коопсуздук кызматтын шектелип аткан кызматкери жөн гана “садага чабылган сары улак”, ал эми негизги өлтүргөн адам андан да жогору жакта болушу ыктымалдыгын белгиледи.

Канадалык журналист бир жыл мурда Тегеранда Евин түрмөсүн сыртынан сүрөткө тарктаны үчүн камакка алынган. Андан көп өтпөй денесине келтирилген оор залакаттан түрмөдө каза тапкан. Иран президенти Мохаммад Хатами укук коргоо органдарын бул ишти кылдат иликтегенге чакырган.

XS
SM
MD
LG