Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

ПАЛЕСТИНАДАГЫ ӨКМӨТТҮК КРИЗИС


Палестинадагы өкмөттүк кризис сакталууда. Кечээ көчөгө чыккан миңдеген палестиндер автономиянын коопсуздук кызматынын башчылыгына палестин лидери Ясир Арафаттын атаалаш тууганы дайындалганына нааразылык билдиришкен эле. Бүгүн болсо коопсуздук кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн бирине кол салынды. Мунун алдында кечээ палестин бийлиги Газа секторуна өзгөчө абал жарыялап, премьер-министр Ахмед Корейи Ясир Арафатка отставка сурап кайрылган. Бирок Арафат анын отставка жөнүндөгү өтүнүчүн четке кагууда.

Апта соңунда Газа секторунда орун алган окуяларды палестин бийлигинин өкүлдөрүнүн өздөрү да баш–аламандык, мыйзамсыздык катары баалашты. Маселен палестин өкмөтүнүн министри Саеб Эрекат Газадагы окуялар тууралуу кечээ мындай деген :

-Газада орун алган окуялар олуттуу жана коркунучтуу. Бул чоң зыян, мыйзамсыздыктын белгиси жана бул токтошу керек.

Бул жерде жума күнү гуманитардык уюмдарда иштеген төрт француз менен катар жергиликтүү күч мекемелеринин жогорку даражалуу эки өкүлү барымтага алынган эле. Аларды барымтага алгандар автономиянын коопсуздук кызматтарын коррупцияланышып кеткени үчүн айыпташкан болчу. Ишемби күнгө карата барымтадагылар бошотулду. Бирок бул окуя бир эсе палестин лидери Ясир Арафатты автономиянын коопсуздук кызматтарын реформалоого барууга мажбурлагансыды. Палестинанын саны ондон ашкан күч мекемелери реформаланышын жөөт-палестин чатагын жөндөө багытында иш жүргүзүп жаткан эл аралык ортомчулар да талап кылып келген эле. Апта башында палестин лидерин реформаларга бут тосуп жатканы үчүн БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Терже Род Ларсен да сынга алган.

Анткен менен Газадагы соңку окуялар көргөзгөндөй, Арафаттын реформалары, өзгөчө ал күч мекемелеринин башчылыгына жаңы дайындаган адамдар палестиндерди канааттандырбаган сыяктуу.

Ишембиде көчөгө чыккан миңдеген палестиндер автономиянын коопсуздук кызматынын башчылыгына, палестин лидеринин атаалаш тууганы, генерал Муса Арафаттын келишине нааразылык билдиришти. Алардын пикиринде Арафаттын жакын тууганы өзү коррупцияланышкан жана коопсуздук кызматтарындагы бул илдетти жоюуга жөндөмсүз. Демонстранттардын арасында Ясир Арафат өзү лидерлик кылган "ФАТХ" кыймылынын да көптөгөн мүчөлөрү болду.

Ал эми жекшембиде куралчан адамдардын тобу коопсуздук кызматынын Хан Юнис деген шаардагы бөлүмүнө кол салып, имаратка өрт койоордон мурда ал жерде абакта отургандарды бошотуп кеткен. Бул кол салуу үчүн ошол "Фатх" кыймылынын бир бутагы катары саналган, "ал-Акса бригадасынын шейиттери" деген топ жоопкер болду. Аталган топтун билдирүүсүндө айтылгандай, алар генерал Муса Арафатты коопсуздук кызматынын башчылыгынан кетирүү үчүн күрөшмөкчү. Газадагы окуялар палестин бийлигин бул жерде өзгөчө абал киргизүүгө да мажбурлады.

Палестин премьери Ахмед Корейи болсо отставка сурап арыз берди эле, Ясир Арафат анын өтүнүчүн четке кагууда. Арафат мене Корейинин жекшембидеги жолугушуусу да кандайдыр бир макулдашуусуз аяктады. Израилдин юстиция министри Йозеф Лапид буга байланыштуу мындай дейт:

-Премьер-министр Ахмед Корейи Ясир Арафаттын саясатынын кесепетин тартууда. Арафат коррупцияны колдойт. Ал өз ара атаандашкан 12 коопсуздук кызматын түзгөн. Арафат Израил менен саясий диалог токтошу үчүн жоопкер. Азыр палестиндер өз лидеринен улам жапа чегип жатат.

Айтор Палестиндагы ички пикир келишпестик эмне менен аяктаарын алдыдагы күндөр көргөзмөкчү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG