Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Бүгүн Бишкекте «Төрт кадам» аттуу программанын бет ачары болот


Бишкек. Экономикалык саясаттын «Төрт кадам» аттуу программасы Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүү максаты менен даярдалды. Аны даярдоого Орусия менен Кыргызстандын эксперттери тартылган. Алар программаны ишке ашырууда өлкөнүн ичиндеги ички ресурстарды, атап айтканда, кен байлыктарын, адистерди жана азыркы инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу керек деген бүтүмгө келишкен. Программа тууралуу маалымат өткөн айда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн экономикалык форумда алгач ирет айтылып, КМШдагы мамлекеттердин парламентарийлери менен ишкерлеринин кызыгуусун пайда кылган. Программаны иштеп чыккан топтун өкүлү, Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясы комитетинин эксперти Андрей Филатовдун айтымында, программа Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жолдорун көрсөткөн башка программаларга атаандаш болбойт. Тескерисинче, анын өзөгүн түзүп турат:

- Ал буга чейинки улуттук программалардын өзөгүн түзгөн программа болот. Ал бардык программаларды ишке ашырууга негиз берген мүмкүнчүлүктү өзүнө камтып, стратегиялык багытты көрсөтүп турат -деп билдирди.

Дүйнөлүк таңкы жаңылыктарды Прагадан Азиза Турдуева даярдады.

XS
SM
MD
LG