Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:31

Палестин автономиясында саясий кризис сакталууда


Газа. Кечээ кечинде Газа секторунда Палестиндеги айрым куралдуу күчтөрү менен автономиянын коопсуздук кызматынын жетекчилигине жаңыдан дайындалган Муса Арафаттын тарапкерлеринин ортосунда кагылышуулар уланды. Өлкөдөгү радикал ислам топтору Рафах шаарында Палестин автономиясынын коопсуздук күчтөрүнө караштуу имаратка чабуул коюшту. Натыйжада бери дегенде 10 адам катуу жараат алып, ооруканага жеткирилди. Андан мурдараак эле палестиндердин куралчан тобу Хан-Юнис шаарында чалгындоо кызматынын кеңсесине кол салган. Автономиянын коопсуздук кызматынын башчылыгына Ясир Арафаттын аталаш бир тууганы Муса Арафаттын дайындалышы көпчүлүк палестиндердин нааразылыгын пайда кылды. Буга байланыштуу ишембиде Газада миңдеген палестиндер көчөгө нааразылык акциясына чыгышкан. «Аль-аксы азапчылары» деп аталган куралчан топ тарабынан таркатылган билдирүүдө болсо генерал Муса Арафат коррупциялык иштерде күнөөлөнүп, ал кызматынан чегинмейинче, өлкөдө башаламандык токтотулбай тургандыгы жөнүндө айтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG