Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Тегеран террорчуларга байланыштуу билдирүү жасады


Тегеран. Ирандын бийлиги кечээ алгач ирет ырасмий түрдө «Аль-Каиданын» 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон окуяга тиешеси бар террористтери Ирандын аймагына башка өлкөгө өтүп бараткан жолунда токтогон болушу ыктымал деп билдирди. Бирок Тегеран белгилегендей «Ал-Каиданын» террористтери Ирандын аймагында болгон учурда да, алар өлкөдө мыйзамсыз токтошкон.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Азефи Ирандын чегарасы өтө узун болгондуктан, анын баарында көзөмөл жүргүзүп туруу мүмкүн эмес деп билдирди. Ал эми АКШнын Борбордук чалгын агенттигинин жетекчисинин кызматын аткарып жаткан Жон МакЛафлин Вашингтондо «Ал-Каиданын» террористтери Ирандын аймагын кезип өтүшкөндүгү боюнча маалыматтар бар, бирок Иран бийлиги аларга жардам көрсөткөндүгү жөнүндөгү далилдер жок деп маалымдады.

XS
SM
MD
LG