Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

"ТӨРТ КАДАМ" ЭКОНОМИКАЛЫК ПРОГРАММАСЫНЫН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ


19-июлда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында «Төрт кадам» аттуу экономикалык программанын долбоорунун бет ачары өттү. Орусиялык жана кыргызстандык адистердин катышуусу менен иштелип чыккан долбоордун негизги идеясы – Кыргызстандагы тоо-кен байлыктарынын жана билимдүү кадрларынын жардамы менен өлкөнү өнүктүрүү. Долбоорду талкуулагандардын көбү аны негизинен жакшы кабыл алышты. Бирок программанын турмушка ашышы кыйын деген да пикирлер айтылды.

Кыргызстандын жаңы экономикалык программасынын долбоору Эл өкүлдөр жыйынынын стратегиялык өнүгүү, өнөр жай жана ишкерлик комитетинин төрагасы Жаныш Рестенбековдун демилгеси менен иштелип чыккан. Жаңы экономикалык программанын өзөктүү идеясы - өлкөнүн аймагындагы табигый байлыктарды, анын ичинде, кен байлыктарды Кыргызстандын өнүгүүсүнүн улуттук резерви деп таануу. Ал эми өнүгүүнүн улуттук резерви болгон байлыктар кыргыз элине жана Кыргызстандын баардык атуулдарына таандык деп таанылат. Башкача айтканда, табигый байлыктар элдин кызыкчылыгына гана кызмат кылышы керек.

"Аны кантип турмушка ашырса болот?" деген суроого EurasiaTrans ltd компаниясынын президенти, программа долбоорунун авторлорунун бири Александр Подсекин минтип жооп берди:

- Кен байлыктарды пайдалануунун программасынын принциби мындай. Кен байлыктарды пайдалануунун максаты - аларды казып алуу эмес, аларды капиталдаштыруу болуп эсептелет. Башкача айтканда, жерде канча акча жатканын аныктоо. Жер алдындагы жез, алтын, вольфрам сыяктуу баалуу металл катары жаткан акчага инвестициялык фонддорду, финансы уюмдарын, банктарды чакырып, инвестиция тартуу керек. Четтен келген акчалар болсо бюджетти түзүүчү тармактарды көтөрүүгө салынмакчы.

Александр Подсекиндин айтымында, Кыргызстандын аймагындагы баардык кен байлыктарын чалгындап, каттоого алып, инвентаризациялап, эларалык аудиттин күчү менен алардын канча тураарын баалап, аныктап чыгуу керек. Александр Подсекиндин айтымында, кен байлыктар үч топко бөлүнмөкчү. Биринчи топко – казылбай турган, бирок күрөө катары кызмат кыла турган кен байлыктар кирет. Экинчи топко болсо казыла турган, бирок анын баалуу металлы Кыргызстандын аймагында иштетилип, алына турган кен байлыктар. Ал эми үчүнчү топко болсо – казылып, баалуу металлы Кыргызстандын аймагынан четтен инвестиция алып келүү шарты менен алынып чыга турганы.

Долбоорду талкуулоого Экономиканы өнүктүрүү жана тышкы соода өнөр жай министри Амангелди Муралиев катышты. Бирок программа долбоору менен өкмөт мүчөлөрү жаңы гана таанышып жаткандыктан алар тараптан олуттуу ой-пикирлер азырынча айтылган жок.

Долбоор менен таанышып чыгууга үлгүргөн депутат Кыдыкбек Исаев программага ылайык баардык табийгый байлыктар «Кыргызстандын ресурстары» деген ат менен түзүлө турган улуттук акционердик коомго таандык болоорун, анын 100 процент акциясы өкмөттүн колунда сакталаарын жакшы жышаана катары баалады. Бул жерден депутат Кыдыкбек Исаев Кумтөр кени казылып, 120 тоннадай алтын казылганы менен анын Кыргызстанга кылдай пайдасы тийбей жатканын белгиледи:

- Бүгүнкү күнгө карата 100 тоннадан ашык алтын алышты. Кыргызстанга андан эч бир киреше кирген жок. Бул программаны колдошубуз керек. Анткени байлыктын баары мамлекеттин колунда болот.

Жыйын аяктагандан кийин «Азыр Кумтөр, Жерүй сыяктуу байлыктар кайсы бир компаниялардын менчиги катары иштеп жатат, алардын соңку тагдыры кандай болот?» деген сурообузга EurasiaTrans ltd компаниясынын президенти Александр Подсекин мындай деп жооп берди:

- Кен байлыкты тартып алуу тууралуу сөз жок. Болгону алар кандай пайдаланылып жатат, мыйзам сакталып жатабы – ошол текшерилет. Иштеп жаткан инвесторлорго жаңы талаптар коюлат. Аны аткаргандар иштей берет. Ал эми андай талапты аткарбагандардын лицензиясы чакыртылып алынат .

Программа долбоорун иштеп чыгууга демилге көтөргөн депутат Жаныш Рустенбеков бул экономикалык жаңы документ күзүндөгү сессияда сынга коюлаарын, эгер жактырылса өкмөткө сунушталаарын билдирди. Бирок Рустенбеков программаны турмушка ашырыш үчүн өкмөттөн аны жактырып гана тим болбой, саясий бир катар чечимдерди да кабыл алууга эрк да талап кылынаарын айтты.
XS
SM
MD
LG