Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

АКЫЙКАТЧЫ САЯСИЙ УКУК БУЗУУЛАРДЫН САНЫ АЗАЙГАНЫН БИЛДИРДИ


Кыргызстанда саясий укук бузуулардын саны азайып, аскер кызматчыларына, улуттук азчылыктарга жана диний агымдарга байланыштуу укук бузуулардын саны өстү. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу өткөн алты айдын жыйынтыгы боюнча дүйшөмбүдө уюштурган маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун (сүрөттө) айтымында, маселен, саясий укук бузуулар боюнча өткөн жылы 44 арыз түшсө, акыркы алты айда 15 арыз келди. «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун жаза мөөнөтүнө байланыштуу Юстиция (Адилет) министрлигине кайрылуусун Омбудсман саясий укук бузуу катары санаган олуттуу маселелердин бири болду.

Акыйкатчы министрликке жолдогон кайрылуусунда институт Куловду бошотуу мөөнөтү 5-августка дал келээрин эсептеп чыкканын маалымдаган. Бирок бул кайрылууга министрликтин берген жообу акыйкатчыны канааттандырган жок:

- Адистешкен прокуратурадан жооп келди. Сиздин катыңызды ГУИНге (жаза өтөө мекемелеринин башкы башкармалыгы – авт.) жөнөттүк дейт. Эсептеп чыксын дейт. ГУИНге биз ага чейин эле жөнөткөнбүз. Менин пикирим боюнча биздин эсептер туура. Ошондуктан бир тармак экинчи тармакка шылтап, убакытты созуп жатат.

Турсунбай Бакир уулу акыркы алты айда караган чуулгандуу арыздардын бири катары «Кыргызстан аба жолдору» мамлекеттик акционердик коомунун 286 акционеринин арызын атады. Арызда ТУ-154 үлгүсүндөгү учакты «Алтын эйр» авиакомпаниясы өз карамагына алууга аракеттенип жатканы айтылган. ТУ-154 мамлекеттик компанияга таандык жалгыз учак.

- Жакында өкмөттөн кат келди. Анда «Алтын эйр» авикомпаниясы ТУ-154 учагына байланыштуу дооматын кайра алгандыгы, учак "Кыргызстан аба жолдорунун" курамында калгандыгы айтылган. Биз мамлекеттик акционердик коомдун менчигин коргоп калдык.

Акыйкатчынынын айтымында, диний өңүттө мурда датын айтып "хизбуттахрирчилер" эле кайрылса, азыр эми христиандык агымдардын өкүлдөрү да арызданып жатышат.

Мындан тышкары өткөн жылы улуттук азчылыктарга байланышкан укук бузуулар боюнча 62 арыз түшкөн, быйыл ал 85ке жетти. Алардын бир мисалы катары өлкө аймагында учурда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан молдовалык үч аялдын укугун коргоо аракеттерин акыйкатчы минтип белгиледи:

- Мен Прагада Молдова омбудсманы менен жолугуп, макулдаштым. Кыргызстандын түрмөлөрүндө отурган өз атуулдарына жардам көрсөтүү боюнча калган эки омбудсман менен акылдаша турган болду. Молдавияда үч омбудсман бар.

Кыргызстандын акыйкатчысы 2002-жылдын этегинде Жогорку Кеңеш шайлагандан кийин ишке киришкен. Учурда акыйкатчы кызматкерлеринин санын 10%ке кыскартты. Муну Бакир уулу көпчүлүктүн сын-пикирлери менен байланыштырды:

- Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинде 200дөн ашык, улуттук коопсуздукта 2 миңге жакын адам, ички иштер министрлигинде 13 миң адам бар. Буларга эмне үчүн адам көп деген доомат коюлган жери жок. А биз адамды коргойлу десек, "кызматкерлериңер көп" деп 160 кишини да көрө албады.

Акыркы мезгилде, айрыкча, Жогорку Кеңешке баяндама (отчет) берүү мөөнөтү келген кезде акыйкатчынын штаты ашкере кеңейип, бирок иши майдаланып кетти деген сын-пикир коомчулукта арбын айтыла баштаган. Анткен менен, Жогорку Кеңеш акыйкатчынын жылдык отчетун алигиче уга элек.

Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты, этика комиссиясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев муну акыйкатчынын ишмердүүлүгүнөн күмөнсүнүү катары кароого болбойт дейт:

- Отчетун бекитүүгө депутаттардын каршылыгы жок. Биз колдоп атабыз. Аны формалдуу угуп, колдоп коюш керек эле.

Турсунбай Бакир уулу өзү болсо депутаттар өткөн жыл үчүн отчётун ушул күздө угаарынан үмүтү барын билдирди. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны жайкы эс алууга кетээр алдында акыйкатчынын баяндамасын күн тартибине киргизип, бирок аны караган эмес.

Айрым серепчилердин айтымында, Кыргызстандын акыйкатчысы Борбордук Азиядагы башка шериктеринен өзүнүн бийликтен көз каранды эместиги менен өзгөчө айырмаланууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG