Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:51

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕГАРА КӨЙГӨЙЛӨРҮ


Тажикстан менен Кыргызстандын мамилеси жакшы экендигинде шек жок. Бирок Тажикстандык айрым жамааттардын жашоочулары тарабынан Кыргызстандын жерин өз алдынча өздөштүрүүгө тымызын аракеттер жүргүзүлүп келүүдө. Бирок тажик тарап бул жерлер али кимге таандык экендиги чечилелек деп айтышууда.

Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондору Тажикстандын Согдий облусунун бир нече райондору менен чектеш жайгашкан. Ошондуктан эки элдин ичкен суусу жана соода жасаган базары да бир. БУУнун «Алдын ала өнүгүү» программасынын эксперттери бул аймактарда улуттар аралык чыр-чатактардын келип чыгуусуна суунун жана жердин жетишсиздиги себеп болорун айтышат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жер талашуу Союз мезгилинде эле - 1974-75-жылдары болгон. Ошол убакта тажик тарап кыргыз тараптын макулдугусуз эле 2000 гектардан ашуун жерди иштетип, ээлеп алышкан. Эки тараптын чыр-чатагынан кийин 450 гектар жер Кыргызстанга кайтарылып берилген, калганы Тажикстандын малы үчүн жайыт катары саналып, кайтарылбай кала берген. Бирок БУУнун эксперттеринин маалыматы боюнча, бул аймактар жайыт катары пайдаланылбай эле, тажик калкы отурукташкан айылдарга айланган.

Ушуга окшош эле фактылар 1990-жылдардын аягында кайталанып, Кыргызстандын аймагындагы токойлорду кыргыз тараптын уруксатысыз Тажикстандын «Ворух» жамаатынын жашоочулары тарабынан кыюу иштери болгон. Бул окуя тууралуу «Ворух» жамаатынын төрагасы Искандар Искандаровдон сураганыбызда, ал:

- Кырыгызстандын аймагынан бак кыюу болгон эмес, бактар Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы талаш жерлерден кыйылган. Анын үстүнө мындай окуялар Тажикстанда кырдаал курчуп, граждандык согуш жүрүп жаткан мезгилде болгон. Азыр андай жок.

Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кимге караштуу экендиги чечилбеген жерлерди талашып, чырдашкан учурлар эки элдин ортосунда дагы деле болуп келүүдө. Тажиктер тарабынан «талаш аймак» катары саналып, Кыргызстандын жерлерин өздөштүрүүгө аракет жасалган учурлар тилекке каршы азыр да бар. Үстүбүздөгү жылдын 17-февраль күнү «Аксай» айлынын Көкташ участогундагы 17 гектар жерге Чоркух жамаатынын жашоочулары терек отургузуп салышкан. «Аксай» айыл өкмөтүнүн жер иштетүү боюнча жетектөөчү адиси Эрмат Айдаровдун айтуусунда эки тараптын тең бийлик органдары кийлигишип, теректерди жулуп чыгышкан:

- 17-февралда Чоркух жамаатынын элдери чыгып, биздин айыл өкмөттүн Көкташ деген участогундагы 17 гектар жерге терек көчөт эгип салышыптыр. Кадимкидей 12 тешеден бөлүп, таштардан тизип отургузуп чыгышыптыр. Анан биздин айыл өкмөт башчысы, мурунку жер адиси болуп келип, «Чоркух» жамаатынын башчыларын чакырып, чогуулап жулуп чыктык. Жулунган көчөттөрдү машиналарына жүктөп бердик, калганын каналга ыргытканбыз. Эртеси күнү кайра текшерип коёюн деп келсек, кайра дагы отургузуп коюшуптур. Ал күнү тамыры жок, чырпыктарды сайышыптыр. Менин оюмча тажиктер бизди сынап көрүшкөн. Эгер биз эч кандай реакция кылбасак, андан ары өздөштүрүп кетишмек болуш керек. Бул аймак документалдуу түрдө Кыргызстанга тиешелүү аймак болуп саналат.

-Тажикстандык бийлик эмне деди бул окуя боюнча?

- Алардын жамаат башчылары, райондук жетекчилери, милициясы жана жер адистери келишип, муну ким уюштурган болсо, тийиштүү чара көрөбүз дешкен.

-Биздин бийлик тараптан кандай аракеттер жасалды?

- Биздин облустун губернаторунун орун басарлары, райондун акими келип, бир метр жер дагы тажиктер тарабынан өздөштүрүлбөсүн деп катуу көзөмөлгө алышты.

Айдаровдун сөзү боюнча, мындай өзүмбилемдик менен Кыргызстандын жерин ээлөөгө аракеттер токтобой, тымызын жүрүп келет:

- 27-июнь күнү мага Кара деген участокто тажиктер дубал уруп жатышкандыгы тууралуу кабар беришкен. Барсам, айдоо жерди тосуу максатында, 15-20 метр жерге дубал уруп, тосмо кылып атышкан экен. Ошол замат жамаат башчысына айттым. Ал өздөрүнүн жер адисине кимдин колунан келген иш экендигин тактоону тапшырды. Азыр тез-тез кабар алып жатабыз тажиктер менен чектешкен аймактарды.

Мындай окуяларга биздин жогорку бийлик тарабынан кандай чара көрүлүп жаткандыгы тууралуу сураганыбызда вице премьер–министр Базарбай Мамбетов жакында кыргыз-тажик мамлекеттик комиссияларынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлө тургандыгын, бул маселелер да ошондо айтыла тургандыгын билдирди.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG